Чүй облусунда каракчылыкка шектелген эки жаран кармалды



Чүй облусунда каракчылыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымат боюнча, окуя 23-март күнү Чүй районунун аймагында болгон. Анда белгисиз эки адам таксистке кайрылып, белгиленген жерге жеткирип коюшун өтүнүшкөн. Жолдо бараткан учурда эки адам таксистти тапанча менен коркутуп, акча талап кылышкан. Бирок эч кандай баалуу нерсе таппаган соң унаадан түшүп из жашырып кетишкен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 32 жаштагы С.А. жана 34 жаштагы М.М. кармалган. Азыркы тапта алар убактылуу кармоочу жайда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Кандай тушунсо болот ,кылмышкерлердин укугун коргойсунарбы?