super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 24-МАРТ: Орусиянын Эл артисти, ырчы Александр Буйнов 67 жашка толду

 
Жаш кезинде
Жубайы Алёна менен

Советтик жана орусиялык ырчы, актёр, музыкант, композитор, шоумен, Орусиянын Эл артисти Александр Буйнов 67 жашка толду. Ал 1950-жылы 24-мартта Москва шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын аткаруусундагы белгилүү чыгармалардын катарына "Эки жашоо" ("Две жизни"), "Жалбырактар түшөт" ("Падают листья"), "Бош бамбук" ("Пустой бамбук"), "Ачуу бал" ("Горький мёд"), "Эй, досум" ("Эй, друг"), "Тост", "Парижде түн" ("В Париже ночь"), "Спецназ" жана башкалар кирет.

Алгач "Гүлдөр", "Шайыр балдар" ансамблдеринде музыкант, ырчы болуп иштеп, 1989-жылдан тарта жеке ырчылык менен алектене баштаган. 2010-жылы Орусиянын, 2004-жылы Ингушетиянын Эл артисти наамдарына ээ болгон. Учурда өзү негиздеген "Чао" тобу менен ырдайт. 2011-жылы рак илдетине кабылганы маалым болгон. Мындан улам ага операция жасалып, ырчынын ден соолугу калыбына келген.

Жеке жашоосу

А.Буйнов 3 ирет үйлөнгөн. Биринчи жубайы Любовь Вдовина менен 1970-1972-жылдары, экинчиси Людмила аттуу айым менен 1972-1985-жылдары жашаган. 1985-жылдан бери үчүнчү жубайы Алёна менен түтүн булатып келет. Ырчынын экинчи жубайынан Юлия (1973) аттуу кызы, андан сырткары никесиз төрөлгөн Алексей (1987) деген уулу бар.

24-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.03.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эл артисти экенин билбегем...
24.03.2017. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин чон атабыз менен тен тура,ал байкуш букчуйо баштады...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: