super.kg logo

Орусия Украинада өтчү "Евровидение-2017" сынагына алыста туруп катышуудан баш тартты

 

Орусия "Евровидение-2017" сынагына видеобайланыш аркылуу алыста туруп катышуудан баш тартты. Бул тууралуу кечээ, 23-мартта кечинде Биринчи канал расмий билдирүү тараткан. Орусия тарап сынактын уюштуруу тобунун спутникалык байланыш аркылуу катышуу сунушун четке каккан.

"Биринчи канал Европа чагылдыруучу союзунун (EBU) орусиялык катышуучунун Москвада ырдаганын түз эфир аркылуу көрсөтүү боюнча расмий сунушун алды. Буга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдиребиз:

Биринчи канал сынактын эрежелерине ылайык катышуучу тандап, EBU`га каттаткан. EBU`нун Юлия Самойловага байланыштуу эч кандай доосу жок. Эреже боюнча сынакты өткөрүп жаткан өлкө бардык катышуучуларга аталган өлкөгө кирүүгө жана иш-чара бүткөнгө чейинки визаны алууга мүмкүнчүлүк бериши керек болчу. Ал эми Самойловага Украинанын аймагына кирүүгө тыюу салынганы сынактын эрежесине туура келбейт.

Эреже боюнча ар бир катышуучу жандуу эфир аркылуу сахнага чыгып ырдоосу керек. Андыктан алыста туруп катышуу сунушун кызыктай сунуш деп кабыл алып, андан баш тартабыз. Европа чагылдыруучу союзу орусиялык катышуучу үчүн 2017-жылы жаӊы эрежелерди иштеп чыгуусу шарт эмес жана бул жылы сынак тиешелүү күн тартиби боюнча өтүшү зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, сынактын уюштуруу тобу Биринчи каналга Юлиянын аткаруусун онлайн режиминде спутникалык байланыш аркылуу Орусиядан көрсөтүүсүн суранып, расмий билдирүү жөнөткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.03.2017. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бүт европа бир эле украинанын кызыкчылыгын карап башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгы басмырланабы.
25.03.2017. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Украина азыр бир уйдун эркеси, Орусия тентек баласындай эле бп атат окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: