super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-МАРТ: 47 жашка чыккан Бактияр Токторов "Ар бир күндү туулган күнүм деп эсептейм" дейт

 
"Биз" тобу

Бүгүн, 25-мартта легендарлуу "Биз" тобунун жетекчиси, КРнын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Бактияр Токторов 47 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышсак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, бүгүнкү туулган күнүн белгилебей тургандыгын айтты.

"Ар бир күндү туулган күнүм деп эсептейм. Ар таңда ойгонгон сайын Жараткан бизге дагы бир күн берди деп жакшы иштерди жасоого аракет кылам. Бүгүн эң биринчи болуп туулган күнүмдү апам куттуктады. Андан сырткары досторум, жакындарымдын куттуктоолорун кабыл алып жатам", - деди.

Белгилей кетсек, Бактияр Токторов 1970-жылы 25-мартта Лейлектин Коммунизм айылында туулган. Мектепте окуп жүргөн кезинде комузду гитарага окшоштуруп чертип, Алла Пугачёва, Валерий Леонтьев, Михаил Боярский жана башкалардын чыгармаларын туурап ырдап жүрүп эле үнүнүн диапазонун кеңейтип алган. Суворов атындагы аскердик окуу жайды бүткөндөн кийин политехникалык институтка тапшырган. Ал жактан ыр дүйнөсүнө жакын балдар менен гитарада кол ойнотуп, ырдап жүргөн. 1990-жылы “Кыргызстан” деген топ түзүп, “Периштем”, “Айпери”, “Таң чолпон жылдызым” аттуу ырларды жараткан. Кийин "биздин ырлар" деп жүрүп, топтун атын "Биз" деп өзгөртүшкөн. Эскерте кетсек, "Биз" тобу 2012-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер тобу" наамынын ээси болгон.

25-мартка карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: