super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. "Ысык-Көл - манасчылардын алтын бешиги" аттуу иш-чара өтөт

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шааарында 21-23-май күндөрү манасчылардын башын бириктирген “Ысык-Кѳл - манасчылардын алтын бешиги” аттуу иш-чара  ѳтѳт. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын Туризм, маданият жана маалымат бѳлүмүнүн башчысы Алик Асанов билдирди. Айтымында, бул күндөрү шаардык стадиондун жанына "Манасчылар өргөөсү" ачылып, белгилүү манасчылардын ысымдары түшүрүлгѳн таш белгилер орнотулат. "Иш-чара саат 09:00дө башталып, 22:00гө чейин уланат. Анда тынымсыз "Манас" айтылып, концерттик программалар тартууланат",- дейт Асанов. Кошумчалай кетсек, аталган иш-чара ѳкмѳттүн Ысык-Кѳл облусундагы ѳкүлчүлүгү жана "Тынчтык" коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: