super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Баатыр комсомолдор эстелигин оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш аземи болду

 
Баатыр комсомолдор эстелиги
Баатыр комсомолдорго арналган эстелик
Баатыр комсомолдорго арналган эстелик
Ачылыш аземи башталганча минтип тазалоо иштери да жүрдү
Эстеликтин алдына гүл коюлду
Эстеликтин алдына гүл коюлду
Жаңы коюлган орургуч, гүл челек жана таштанды урнасы
"Родина" балдар бий тобу
Иш-чарага чакырылган коноктор
Иш-чарага чакырылган коноктор
Иш-чарага чакырылган коноктор
Иса Өмүркулов менен Ленин райондук администрациясынын жетекчилиги
Шаар башчысы ардагерлер менен саламдашууда
Иш-чаранын жүрүшү

Бишкектеги Жаш Гвардия бульвары менен Чүй көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Баатыр комсомолдор эстелигин оңдоп-түзөө иштеринен кийинки ачылыш аземи болуп өттү. Ага мэр Иса Өмүркулов,  Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, Ленин райондук администрациясынын жетекчилиги жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен мектеп окуучулары катышты. Айтылгандай, оңдоо ишине 280 миң сом каражат сарпталды. Бул каражатка эстеликтин сырты тазаланып, анын айланасына отургуч, гүл челектер, таштанды урналары коюлган. Мэр Иса Өмүркуловдун айтымында, 2 күндөн кийин бул жерде Wi-Fi акысыз интернет түйүнү иштеп баштайт.  

 

“Борбордогу эстеликтердин абалы, алардын айлана-тегерегин оңдоп иретке келтирүү күн тартибинде турат. Жеңиш күнүн алып келген ардагерлерге сый-урмат көргөзүү менен аларды ар дайым эскерип турушубуз абзел. Мындан сырткары бульварга жакынкы арада толугу менен жарык берилет. Ошондой эле көрүнүшүн да өзгөртүүнү ойлонуп жатабыз”,- деди мэр.  

 

Айта кетсек, Баатыр комсомолдор эстелиги 1963-жылы орнотулган. Анда граниттен жасалган, колунда куралы бар Кызыл армиянын орус аскери менен анын куралчан жана каскачан досу кыргыз жигиттин элеси чагылдырылган.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: