super.kg logo
  Саясат  

Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровдун уулунун сабалышын сындады

 

Экс-чиновник Эмилбек Каптагаев УКМКнын алдындагы митингде Садыр Жапаровдун уулунун сабалышын сындады. Мындай пикирин Каптагаев 25-мартта интернеттеги жеке баракчасына жазды.

"Видеолордон жүрөк оорута турган кадрларды көрүп турабыз, адамгерчиликке жатпаган жорукка баарыбыз күбө болуп жатабыз. Жапаровдун балдарын көк ала койдой сабап, боор жагын басып кыйналып, онтоп жатканына карабай врач чакырбай турушканын кантип бейкапар карап отурууга болот? Баарыбызда бала бар. Атасы камалып жаткан бала барат, күйүп-бышат, балким, ыза менен бир аз чектен чыгып, ашыкча эмоцияга алдыруусу да мүмкүн. Бирок ошончолук күч колдоно турган кырдаал болгонун көрө алган жокмун. Күч колдонуунун да чеги бар экенин унутпасак. Эми атасына кошуп балдарын дагы "тополоң уюштурган, бийлик адамдарына карата таш ыргыткан, күч колдонгон" деп камакка алуу, аларды да соттоого аракет кылуу акылга сыйбай турган иш болуп калат", - дейт Каптагаев.

Экс-чиновник Садыр Жапаровдун үстүнөн арыз жазбаганын айтууда.

Бишкекте бүгүн мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышып, Жапаровду бошотууну талап кылышты. Милиция тарапка таш ыргытылып, чуу чыккандан кийин чогулгандар күч менен таратылды. Бир тобун милиция кызматкерлери кармап кетишкен, арасында Жапаровдун кичүү баласы да бар.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров бүгүн Казакстандан Кыргыз мамлекетине кирген. Аны чек арадан күч органдары кармап кетишти. "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып жаткан Жапаров УКМКнын СИЗОсуна 48 саатка отургузулду. УКМК 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаганын, митингдин катышуучулары ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күч менен унаага салып, туткунга алып отурушканын билдирди. Мекеме 7-октябрдагы митингдин максаты Ысык-Көл облустук администрациясын басып алуу, облуста тополоң чыгаруу болгон деп маалымат таратты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: