super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 26-МАРТ: Популярдуу англиялык актриса Кира Найтли 32 жашка толду

 
Жолдошу Жэймс Райтон менен
Орландо Блум менен
Белгилүү англиялык актриса Кира Найтли 32 жашка толду. Ал 1985-жылы 26-мартта Лондон шаарында белгилүү актёрлор Уилл Найтли менен Шерман МакДональддын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жаштайынан эле актрисалыкты көксөгөн Кира каникул убагында башка балдардай эс алып жатып албастан, актёрдук чеберчилик сабагына калтырбай барган.
Актриса жети жашында "Хан сарайдагыдай майрамдоо" тасмасында алгачкы ролун ойногон. Он бир жашында Европа каналдарында телешоу, сериалдарга катышып, эл оозуна алынып калган. Кира Найтлинин Натали Портман менен "Жылдыздар согушу" тасмасында чогуу тартылып, айрым эпизоддорунда Наталинин да ролун ойногону тууралуу кептер бар. Анткени экөө бири-бирине куюп койгондой окшош болгон. Бирок Натали "баарын эле өзүм ойногом" деп моюнуна алган эмес. Тартуу аянтында эки актрисаны гримден кийин өздөрүнүн апалары да айырмалай албай калганы айтылат. Бул тасманын ийгилигинин баарын Портман алып кетип Кира көлөкөдө калганы менен, таланттуу актрисаны профессионал режиссёрлор байкап калышат.
Кира биринчи башкы ролун 2001-жылы "Робин Гуддун кызы: Уурулардын ханышасы" деген тасмада аткарган. Актрисанын дүйнөнү "дүң" деп жарып, атактуулук алып келген ролдорунун бири - 2002-жылы тартылган "Ойносоң Бекхэмдей ойно" киносундагы өспүрүм кыздын ролу. Фильмдин бюджетине 3,5 миллион доллар сарпталып, дүйнөлүк сатыктан 32 миллион доллар топтогон.
2003-жылы Кира Найтли "Кариб деңизинин каракчылары" тасмасында Жонни Депп, Орландо Блум өңдүү Голливуд жылдыздары менен чогуу тартылгандан кийин анын популярдуулугу белгилүү бир чокуну багындырат. Андан соң "Чыныгы сүйүү" (2003), "Падыша Артур" (2004), "Пиджак" (2005), "Домино" (2005) жана "Намыс жана ишенбестик" (2005) тасмаларында катар-катар роль аткарат. "Намыс жана ишенбестик" фильминдеги Элизабет Беннеттин ролу үчүн актриса "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Мындан тышкары ал "Анна Каренина", "Жек Райан: Башаламандыктын теориясы" тасмаларында көрүнүктүү образдарды жараткан.
Жеке жашоосу
Актёр Жэйми Дорнан менен 2 жыл кыз-жигит катары сүйлөшкөн. 2005-жылдан 2010-жылга чейин актёр, сценарист Руперт Френд менен сүйүү мамилесинде болгон. Ал эми 2013-жылы музыкант Жэймс Райтон менен никеге туруп, экөө жашыруун үлпөт тоюн өткөрүшкөн. Түгөйлөрдүн ортосунда Эди аттуу кызы бар.

26-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: