super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Бир айдын ичинде 103 айдоочу мас абалында колго түштү

 

"Ысык-Көл облусу боюнча апрель айында 103 айдоочу мас абалында милицияга кармалып, айрымдардын  иши сотко жиберилген. Алардын ичинен 17 айдоочу жол кырсыгына себепкер болушкан". Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Насипбек Калмурзаев билдирди. "2013-жылдын 3 ай аралыгында 422 айдоочу мас абалында кармалып, алардын бирөөсү гана сот тарабынан 5 суткага камакка алынган. 20 айдоочу унаа айдоо укугунан ажыратылган. Ал эми 340 айдоочуга жалпы суммасы 552 500 сомдук айып салынса, калган 61 айдоочу боюнча иш сотто каралып жатат. Мас абалында унаа айдоочуларга карата күчөтүлгөн жаза колдонуу керек. Ушундай күчөтүлгөн чаралар аркылуу гана жол кырсыгынын өсүүсүн токтотуу мүмкүн",- дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: