super.kg logo
  Саясат  

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына 1 айда 423 адам кайрылды

 
Апрель айында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жер-жерлердеги коомдук кабылдамаларына 423 адам кайрылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын иши боюнча нааразы болгон 86 арыздануу түшкөн. Ал эми укук коргоо кызматкерлери боюнча 87, Саламаттыкты сактоо, Билим берүү жана илим министрликтерине байланыштуу 34, энергетика тармагы боюнча 29, сотторго байланыштуу 21, мамлекеттик каттоо органдарына 28, энергетикага байланышкан 17, Мамлекеттик бажы жана Салык кызматтарына карата 7, транспорттук ишканаларга карата 4, финансылык-кредиттик мекемелерге байланыштуу 7, Социалдык фондго карата 1 жана башка маселелер боюнча 116 арыз түшкөн. Аталган кызмат тарабынан чара көрүү үчүн министрликтерге жана мекемелерге 114 арыз жолдонду. Ал эми калган арыздар боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: