super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровду колдоо митинги: 64 адам 2-5 суткага камакка отургузулду, 12 адам айып пулга жыгылды

 

Кечээ, 25-мартта УКМКнын алдында орун алган митингде кармалгандар боюнча сот чечимин чыгарды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Биринчи май райондук соту 64 адамды 2 суткадан 5 суткага чейин камакка алуу, 12 адамга айып пул салуу боюнча чечим чыгарды. Калгандар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн соң коё берилишти.

Айта кетсек, кечээ УКМК алдында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митинги жаңжал менен аяктаган. Жыйынтыгында тартип бузушту делинип 68 адам милиция бөлүмүнө жеткирилген. Аларга карата бейбаштык, милиция кызматкерине кол көтөрүү, бирөөнүн мүлкүн сындыруу боюнча кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: