super.kg logo
  Саясат  

Иван Панфиловдун Казакстанда музейде турган мурасы Кыргызстанга берилиши мүмкүн

 

СССРдин Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун мурасы Кыргызстанга берилиши мүмкүн. Бул тууралуу казакстандык гезиттердин бирине Панфиловдун небереси Айгүл Байкадамова билдирген. Анын айтымында, Казакстанда согуштун баатырларына жакшы көңүл бурулбайт.  

 

“Панфилов дивизиясынын 70 жылдык мааракесинде Кыргызстанга барып, абдан таң калып кайттым. Ал жакта генералдардын дивизияга болгон мамилеси өзгөчө экен. Ал эми Алматыдагы Панфилов музейинин абалы начар. Эгерде ал жайды жаба турган болсо, анда андагы экспонаттардын баарын Кыргызстандагы Панфилов дивизиясына берем ”,- деп билдирген Байкадамова.  

 

Эске сала кетсек, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Иван Панфилов башчылык кылган 316-аткычтар дивизиясынын жоокерлери Москванын астанасындагы Волоколамск шоссесинде немистик фашисттик аскерлер менен баатырларча салгылашып, аларды бир кадам да алдыга жылдырбай ордунда токтотуп турушкан. Дубосеково разъездинде душмандар 28 панфиловчуга каршы 50 танкын чабуулга жиберип, панфиловчулар душмандын 18 танкасын талкалашкан. Согушта бардык  28 панфиловчулар курман болушуп, аларга өлгөндөн кийин "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам ыйгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: