super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Заман" тобунун жигиттери Айыма Айылчиеваны жактырышкандыктан "Карындаш" ырынын клибине чакырышкан

 

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү жигиттердин бейтааныш сулуу кыздарды карындашындай жакшы көргөнүн чагылдырган клип "Заман" тобунун "Карындаш" ырынын клиби. Аталган топтун продюсери Канат Култаев клип тууралуу буларды билдирди:

"Бул чыгарма "Заман" тобунун алгачкы эмгеги. Ырдын сөзү топтогу Баяман аттуу жигитке таандык, аранжировкасын Эркин Мээрканов жазды. Идеясы болсо режиссёр Миша Емге таандык. Бийди Чубак деген жигит койду. Эмне үчүн башкы каармандын образын Айыма Айылчиева жаратты? Негизи башка талапкер кыздар бар болчу. Айыма топтун жигиттерине жаккандыктан, анын образы "Карындаш" деген ырга төп келгендиктен тандап алдык. Алгач макул болобу, болбойбу деп ойлодук. Айыма берилүү менен жакшы ойноп берди, андыктан ага да ыраазычылык билдире кетейин", - дейт К. Култаев.

Клип тартууга даярдык, бийди коюу, формаларын даярдоого көп убакыт кеткенин, ал эми тартуу процесси жалпы 10 күндө бүткөнүн продюсер кошумчалай кетти.

"Заман" тобунун "Карындаш" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.03.2017. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир эле ай ай ай деген ырга 5оо чыгып алган.Оздорунчо. MBANDды туурайбыз дешет го.хехе.Аларга жетишинер учун охоо коп барго силерге.
30.03.2017. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ronaldo.99, mband нюшаны тартты эле клипке
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: