super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-МАРТ: "Маанайымды көтөргөн бүгүнкү жылуу аба ырайы туулган күнүмө жакшы белек болду" дейт Актан Исабаев

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1995-1999-жылдары "Элес" тобунун солисти болгон белгилүү ырчы Актан Исабаев бүгүн, 28-мартта 45 жашка чыкты. Ырчыны куттуктап чалсак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын айтып, ачык асмандуу аба ырайына байланыштуу туулган күндү мыкты маанайда тосуп алганын билдирди.

"Өздүк майрамымды эң биринчи болуп апам куттуктады. Эртең менен ойгонсом, асман ачык, күн жылуу экен. Бул көрүнүш мага кубаныч тартуулады, жакшы белек болду. Туулган күнүмдү туугандарым менен белгилөөнү пландап жатам. Элибизде аманчылык, тынчтык болушун каалайм", - деди ал.

Белгилей кетсек, Актан Исабаев 1972-жылы 28-мартта Фрунзе шаарында төрөлгөн. Айтылуу "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык оркестрдин негиздөөчүсү Чалагыз Исабаев менен белгилүү комузчу Самара Токтакунованын уулу. Фрунзедеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке кирип, ал жакта Гүлнара Тойгонбаева, Светлана Назаренко, Жылдыз Осмоналиева, Ырыскелди Осмонкулов менен бирге билим алган.

Актан Исабаев белгилүү "Элес" тобуна экинчи өмүр бергендердин катарында. Ал убакта "Асель", "Ты мне нужна" аттуу хит ырларды жаратышкан. 1999-жылдан кийин жеке чыгармачылыкка өтүп, "Ыр майрам", "Энекем", "Сүйөм сени", "Сагыныч" жана башка ырлары чыккан.
28-мартка карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: