ЖЫЛНААМА, 29-МАРТ: 33 жыл мурун белгилүү обончу, аткаруучу, диктор Жолдубай Кайыпов киши колдуу болуп көз жумган




Мындан 33 жыл мурун, 1984-жылы 29-мартта белгилүү обончу, аткаруучу, диктор Жолдубай Кайыпов 37 жашында киши колдуу болуп каза тапкан.
Ж.Кайыповдун өлүмү тууралуу жубайы маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде төмөндөгүчө айтып берген: "1984-жылдын 29-мартында Жолдубай менен кечки саат сегизде үйгө качан келери тууралуу сүйлөштүм. Ал айтты, "саат тогуз жарымда жаңылыктарды окуп коюп, балдарды цирктен алып үйгө барам. Сен мени үйдөн күтө бер" деп, күндөгүдөй эле тамак жасап күтүп отурам. Ана жок, мына жок. Саат эки болду, үч болду. Жолдубай жок. Эртең менен саат алтыда туруп алып Жолдубай менен ошол күнү жаңылыктарды окуган Светлана деген келиндин үйүнө бардым. Андан "Жолдубай качан кетти эле, өмүрүндө башка жакка калып калган күнү болгон жок эле, эмне болду?" десем, Светлана "жаңылыктарды окуп бүткөндөн кийин Жолдубай тамашаларды, анекдотторду айтып баарыбызды күлдүрүп отуруп, "ой, балдарыма кечиктим" деп шашып кетти эле" деди. Светлана экөөбүз үйүнөн чыгып алып милицияга телефон чалсак, Жолдубайдын киши колдуу болуп каза болгонун айтты. Эмне кыларымды билбей эсим ооду".






1 |