super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 29-МАРТ: Орус эстрада ырчысы Владимир Пресняков 49 жашка толду

 
Жубайы Наталья Подольская менен
Биринчи жубайы Кристина Орбакайте жана уулу Никита менен
Экинчи жубайы Елена Ленская

Орус эстрада ырчысы Владимир Пресняков 49 жашка толду. Ал 1968-жылы 29-мартта Орусиянын Свердловск шаарында чыгармачыл үй-бүлөдө туулган. 12 жашынан баштап ыр жаза баштаган Владимир Пресняков 13 жашында өзүнүн "Эски жомок" ("Старая сказка"), "Кызыл китеп" ("Красная книга"), "Мышык" ("Кошка") жана башка ырлары менен эл алдына чыккан. Ал эми актёрлук карьерасын 18 жашында "Күн желесинен жогору" ("Выше радуги") тасмасына тартылуу менен баштаган. 90-жылдардын ортосуна чейин Пресняков эң популярдуу 10 орус ырчысынын катарына кирген. 2002-жылы орустардын "Акыркы баатыр" телешоусуна катышып, жеңүүчү аталган. Ошондой эле 2006-жылы Лоенид Агутин менен ырдаган "Аэропорттор" чыгармасы үчүн "Алтын граммофон" сыйлыгына татыган.

Жеке жашоосу

18 жашында өзүнөн 3 жашка кичүү, атактуу ырчы Алла Пугачёванын кызы Кристина Орбакайте менен бирге жашай баштаган. 1991-жылы түгөйлөр Никита аттуу уулдуу болушуп, 1996-жылы ажырашып кетишкен. Никита ата-энесинин жолун жолдоп ырчы жана актёр болгон.

2001-жылы 17-августта Пресняков Елена Ленская аттуу модельерге үйлөнгөн. Бирок 4 жылдан кийин ажырашкан. 2010-жылы 5 жылдан бери чогуу жашап келген ырчы Наталья Подольская экөөнүн үлпөт тою өткөн. 2015-жылы жылдыздар Артемий деген уулдуу болушкан.

29-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: