super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 29-МАРТ: Фантастикалык тасмалардагы ролдору аркылуу атактуулукка жеткен актёр Кристофер Ламберт 60 жашка толду

 
Актёр "Тоолук" тасмасында
Биринчи жубайы Дайан Лейн менен
Экинчи жубайы Жеймис Хафт
Үчүнчү жубайы Софи Марсо менен

Фантастикалык тасмалардагы ролдору аркылуу атактуулукка жеткен франциялык жана америкалык актёр Кристофер Ламберт 60 жашка толду. Ал 1957-жылы 29-мартта АКШнын Нью-Йорк штатындагы Грeйт-Нек шаарында жарык дүйнөгө келген. 30 жылдык актёрлук карьерасында Кристофер Ламберт "Арлетт", "Эркюль жана Шерлок мафияга каршы" ("Эркюль и Шерлок против мафии"), "Эмне үчүн мен?" ("Почему я?"), "Чиркөө кызматкерин өлтүрүү" ("Убить священника") сыяктуу 60тан ашык тасмага тартылган. Ал эми актёрго болуп көрбөгөндөй атак алып келген "Тоолук" ("Горец") тасмасындагы өлбөс жоокер Коннор Маклауддун ролу болгон.

Жеке жашоосу
Ламберт 1988-жылы актриса Дайан Лейнге баш кошуп, Элеонор аттуу кыздуу болгон. 1994-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. Мындан тышкары актёр Монаконун ханышасы Стефания, италиялык алпаруучу Альба Париетти менен сүйүү мамилесинде болгон. Ал эми 1999-2000-жылдары экинчи жубайы, актриса Жеймис Хафт менен жашаган. 2007-жылы француз актрисасы Софи Марсо менен никеге турган, бирок 2014-жылы жылдыздар ортосундагы сүйүү мамилесинин токтогонун айтышкан. 2016-жылы Ламберт кайрадан Aльба Париетти менен мамиле куруп, бирок 3 айдан кийин экөө сүйлөшпөй калышкан.
29-мартка карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: