super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Окурман Кочкордогу Сары-Булак айылындагы көпүрөнүн курулушу толугу менен бүтпөй жатканына нааразы

 

Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булак айылындагы көпүрөнүн курулушу бүтпөй жатканын бүгүн, 30-мартта SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Мындан бир нече ай мурун суунун көлөмү жогорулап, көпүрөнү агызып кеткен. Ошол көпүрөнү оңдоп, калыбына келтирүүгө акча бөлүнүп кайрадан салына баштаган, бирок түшүнүксүз себептерден улам, көпүрө толук бүтпөй жатат. Тагыраагы, бир жак тосмосу орнотулган эмес. Бул жерден күндө айыл тургундары жана мектеп окуучулары өтүшөт, кооптуу абал жаралууда. Эсиңиздерде болсо, буга чейин да көпүрөнү суу алып кеткен, ал көпүрөнү ошол жактагы жашоочулар салышкан. Көпүрөнүн жоктугунан, асма көпүрө менен өтүүгө аракет кылып бир өспүрүм кыз сууга агып кетип, сөөгү бир нече күндөн кийин табылган", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.03.2017. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии кантип жыгачтан копуро болсун, уйдогу эле полдун жыгачтарын сууруп келип койгон окшойт, курон менен сырдалган экен. Темирден эле бекем кылып курушса болотго, суу келгенде агызбагыдай кылып, ушул кичине копуродон да жеп калышканго айыл окмоттогулор, толук бутурбой
omka100514 түзөттү 2017-03-30 08:54:24
30.03.2017. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоого аз калды эми бутот бир болсо ?
30.03.2017. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жарымын жеп койгонбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: