super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 30-МАРТ: Айтылуу "Титаник" тасмасынын саундтрегин аткарган белгилүү канадалык ырчы Селин Дион 49 жашка толду

 
Ырчы жаш кезинде
Рене Анжелил, Селин Дион апасы менен
Үй-бүлөсү менен

Канадалык ырчы Селин Дион 49 жашка чыкты. Ал 1968-жылы 30-мартта Канададагы Монреаль шаарында туулган. Ырчыга эң алгачкы атактуулук 1982-жылы "Yamaha" фестивалында жеңишке жеткенден кийин келген. Ал эми 1988-жылы Селин Дион "Евровидение" сынагына Швейцариянын атынан катышып, баш байгеге ээ болгондо ырчыны жер шарынын көпчүлүк бөлүгү тааныган. Жеймс Кэмерондун шедеврге айланган "Титаник" тасмасынын саундтрегин Селин Дион аткарган. Анын аткаруусундагы атактуу “My Heart Will Go On” аттуу ыры жазылган диск дүйнө жүзүнө 27 миллион нуска менен тараган.

Жеке жашоосу

Селин Дион келечектеги жолдошун 12 жашында жолуктурган. Ал адам - ырчыны дүйнө жүзүнө тааныткан менеджери Рене Анжелил болгон.

Келечектеги ырчынын апасы музыкалык менеджер Рене Анжелилге анын ырларын жиберген. 38 жаштагы Рене Селиндин мыкты ырчы болоруна көзү жетип өзүнүн үйүн күрөөгө коюп, анын алгачкы "La Voix Du Bon Dieu" аттуу ырын жаздырган. Селин 20 жашында өзүнөн 26 жаш улуу менеджери менен сүйүү романын баштаган. 1994-жылы сүйүшкөндөр баш кошушуп, үлпөт той канадалык телеканалдардын биринде түз эфирде көрсөтүлгөн. Түгөйлөр 3 уулдуу болушкан. 2016-жылдын январь айында жолдошу Рене рак илдетинен каза тапкан. Ырчынын атактуу болушуна, көптөгөн ийгиликтерди жаратышына чоӊ салым кошкон жолдошу тууралуу ырчы "Рене мен жашоодо сүйгөн жана өпкөн жалгыз эркек. Экөөбүз бир бүтүн болчубуз. Ал дайыма менин жанымда, уктасам, сахнага чыксам да жанымда кошо жүрөт" деп айтканы бар.

30-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: