super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 30-МАРТ: 47 жыл мурун белгилүү советтик "Чөлдөгү ак күн" тасмасы жарыкка чыккан

 
Тасмадан кадр

Мындан 47 жыл мурун, 1970-жылы 30-мартта советтик жана орусиялык режиссёр Владимир Мотылдын көпчүлүктүн сүйүктүү тасмасына айланган "Чөлдөгү ак күн" ("Белое солнце пустыни") фильми жарык көргөн. Анын сценарийин Рустам Ибрагимбеков жана Валентин Ежов жазган. Фильмде Абдулла деген басмачынын гареминдеги кыздарды куткарган кызыл армиячы Фёдор Суховдун башынан өткөргөн кызыктуу окуялары сүрөттөлөт.

Бирок кино жаратуучулар шедевр тартып жатканын учурунда билишкен эмес, жөн гана баштаган ишти аягына чыгаруу үчүн болгон аракетин жумшашкан. Кинонун экранга чыгышы да бир топ түйшүктү жараткан. Бир нече чиновниктер кинонун экранга чыгуусуна макулдук бербей коюшкан. Кино жаратуучулардын үмүтү өчүп баратканда кинону кокусунан Леонид Брежнев көрүп калат. Ал "мындай патриоттук тасманы элге көрсөтүш керек" деп тасманы тарткандарды кубаттаган. Кызыгы, тасма канчалык эл сүймөнчүлүгүнө арзыбасын, өз убагында туура бааланып, сыйлык берилген эмес. 1997-жылы Борис Ельцин ажо болуп турганда гана мамлекеттик сыйлык алганга жетишкен.

"Чөлдөгү ак күн" прокатка 1410 көчүрмө менен чыккан. Ошондой эле ал ошол кездеги тасмалардын ичинен телеканалда көрсөтүлүшүнүн саны боюнча биринчи орунда болгон. Фильм 1998-жылы Орусия Федерациясынын мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

Тасмада Анатолий Кузнецов, Павел Луспекаев, Спартак Мишулин, Кахи Кавсадзе, Раиса Куркина, Николай Годовиков, Татьяна Федотова, Муса Дудаев, Николай Бадьев, Владимир Кадочников жана башкалар роль жаратышкан.

30-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.03.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң мыкты кино
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: