super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 30-МАРТ: "Туулган күнүмдө досторум мага сюрприз жасашат экен" дейт ырчы Советжан Асанкадыров

 

"Айкөл" тобунун негиздөөчүсү, жетекчиси Советжан Асанкадыров бүгүн, 30-мартта 55 жашка толду. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыктык.

"Туулган күндөгү маанайым жакшы. Эң биринчи болуп досторум куттукташты. Өздүк майрамымды кечинде алар менен белгилейм. 55 жаш эки окшош сандан турат эмеспи, буга байланыштуу досторум мага сюрприз жасайбыз деп жатышат", - деди С.Асанкадыров.

Ырчы 1962-жылы 30-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Көөчү айылында туулган. Айылдагы 8 жылдык мектепти бүтүргөн соӊ Караколдогу музыкалык окуу жайга тапшырган. Андан ары окуусун Бишкектеги искусство институтунан уланткан. Эмгек жолун Караколдогу музыкалык окуу жайда мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Ал жактан "Айдың көл" деген жыйырма төрт кишиден турган фольклордук топту жетектеген. Көп киши менен гастролго чыгуу оорчулук жараткандыктан, бир солист үч-төрт аспапта ойной тургандай кылып топту кыскартып, 1994-жылы алты баладан турган "Айкөл" тобун түзгөн. Президенттин, "Райондун ардактуу атуулу" жана дагы башка көптөгөн грамоталар менен сыйланган.

30-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.03.2017. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таланттуу адам,мен бала кезимде эле ушундай эле азыр деле жап жаш бойдон экен.Ушундай бойдон журо бериниз,сизге ийгилик.Туулган кунунуз куттуу болсун!
30.03.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким айтты сизге сюрприз кылабыз деп?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: