Өлкөдө баңгизаттан көз каранды адамдарды дарылоого багытталган китеп жарык көрөт
Кыргызстанда “Таза аймак. Баңгизаттарды мыйзмасыз иштетүүгө каршы чара көрүү, алдын алуу жана пенитенциардык тутумдагы баңгизатынан көз карандылыкты дарылоо боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы” аттуу китеп даярдалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин жаза аткаруу колонияларында баңгизатын колдонууну чектөөгө алып бара турган “Таза аймак” аттуу программа иштелип чыгып, жайылтылган. Аталган китепте “Таза аймактын” аныктамасы кеңири камтылган. Китептин авторлору кылмыш, жаза аткаруу түйүнүндөгү маселелер, өлкөдөгү жаза аткаруу мекемелериндеги баңгизаттын колдонулушу тууралуу жазышкан. Белгилей кетсек, китеп англис тилине да которулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

