МЕДИА-ПОРТАЛ: "Бололу бирге" чыгармасынын бүйүр кызыткан талкууга түшкөнү кубандырат" дейт ырчы Самара Каримова




Белгилүү ырчылар Самара Каримова менен Нурлан Насип кандай чыгарма жаратпасын, күйөрмандары тарабынан жылуу кабыл алынат. Ал эми экөөнүн жакында эле элге тартуулаган "Бололу бирге" ыры көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк таап жана көптөгөн түрдүү сын-пикирлер айтылган. Ырчы Самара Каримова бул ирет аталган чыгармага тартылган клип, ага карата айтылган сөздөр тууралуу буларды баяндады:
"Бул чыгарманын жолу ачык, жеӊил болду деп айтсам болот. Нурлан Насип дуэт жаздырууну сунуштады. Жолдошум да угуп көрүп жактырып, уруксат берди. Ошентип ыр жазылган соӊ клип тарта баштадык. Бир күндө тартылып бүттү. Күн ачык тийип турганы менен, аябай суук болуп, үшүп калганбыз. Күлүп ырдап, эс алуу учурунда жылынып жаттык. Мен үй-бүлөлүү, Нурландын да сүйүктүүсү болгондуктан клипте болгону эки жаштын бири-бирине болгон жылуу мамилесин, мээримин чагылдырууга аракет кылдык. Ыр романтикалуу, бирок клипте өтө романтикалуу кадрлар жок", - дейт ырчы күлүп.
Ал эми чыгарманы плагиат деп талкуулап жаткандар жөнүндө мындай оюн билдирди.
"Чыгарманын бүйүр кызыткан талкууга түшкөнү кубандырат. Демек, мээнетиӊ текке кеткен жок. Ар бир чыгармага, образга чоӊ эмгек, түйшүк, акча каражаты сарпталат. Мээнетиӊ кээде акталат, кээде акталбай калат. Бул чыгарма учурда бардык теле, радиоберүүлөрдөн кетип, угармандар жылуу кабыл алышты. Жакшы пикирлерин айтып жатышат. Андыктан жакшы да, жаман да пикир айткандарга ыраазычылык билдирем".
Самара Каримова менен Нурлан Насиптин "Бололу бирге" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.



Нурлан экөөң мындан ары да жакшы ырларды уурдап алып, жемиштүү иштегиле.
Анын үстүнө плагиат сени кубандырат турбайбы?
Бул ырдын чыкканына бир жарым жыл болду.
Озбектер ырдап чыккан азизим деген ыр, Жасурбек менен Дилноза. Анан казактар баштап Куандык Рахым менен Гаухар жакында эле созун которуп ырдап чыгышса, анан биздикилер кем калабы. Обонун созун кошуп туруп ырдап чыгышты. Анын эмнеси бар экен. Бирок жакшы ырдап салышты молдоцы
Озбектердин созу такыр башкача.
Созун которуп жазган казактар.
Ошондо биздикилер казактардын созу менен ырдап чыгышты
Казактардан мурун ырдашса бир жөн эле...)