Мусулман дининин бир канча өкүлү 2 аткаминерди кызматынан "эркекче" кетүүнү талап кылышууда
Бүгүн, 6-майда ислам дининин жактоочулары Пазыл ажы Жайчыбеков, Жолдошалы ажы Мамбетакунов жана Камчыбек ажы Өмүрзаков Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Абдилатиф Жумабаевди жана ЖКнын депутаты Каныбек Осмоналиевди кызматынан "эркекче" кетүүнү талап кылышарын маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымында, аталган аткаминерлер “Таблиги Жамаат” уюмунун ишмердүүлүгүн экстремизм жана терроризм катары сыпатташкан. “Таблиг” эч кандай экстремисттик же террористтик иш менен алектенбейт. Биздин ишибиздин токтоп калышы - эркин динге ишенүү укугубуздун бузулушуна барабар”,- дейт Камчыбек ажы Өмүрзаков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

