Бишкекте жаштар "Өлкөнү аскердик коркунучтан тазалайбыз" аттуу акция өткөрөт
Бишкекте 7-майда “Жөн эле” жаш демилгечилер тобу “Өлкөнү аскердик коркунучтан тазалайбыз” аттуу акция өткөрөт. Уюштуруучулар билдиргендей, акция саат 14:00дө башталып, Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишинен Абдрахманов көчөсүнө чейин жөө жүрүш болот. "Манас" аэропортундагы АКШнын жүк ташуучу транзиттик борборунун Кыргызстанга тийгизип жаткан терс таасирин билдирүү максатында акция өтөт. Аталган борборго тиешелүү учактын кулашы экологияга терс таасирин тийгизди. Эгерде ондогон тонна майы бар учак калктуу жайга кулап түшсө эмне болот эле? Биз бул көрүнүш боюнча жарандык позициябызды билдирели деп жатабыз. Акция эч кандай кыйкырып, ызы-чуу чыгарбай тынч өтөт”,- дешет уюштуруучулар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

