"KG ГРУПП" компаниясынын президенти Имамидин Ташов Оштун кире беришине бийиктиги 45 метрди түзгөн флагшток орнотту
25-мартта саат 11:00дө Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүнүн Фуркат айылынын жол айлампасында тарыхый мемориалдык комплекстин ачылыш салтанаты өттү. Бул "KG ГРУПП" компаниясы тарабынан орнотулган комплекстин аянты 80 чарчы метрди түзөт. Флагштоктун жалпы бийиктиги 45 метр болсо, ал эми туунун туурасы 13 метр, узундугу 9 метрге барабар. Ошондой эле комплексте Кыргыз өлкөсүнүн совет доорундагы ири мамлекеттик ишмери, кыргыз совет мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Абдыкадыр Орозбековдун, белгилүү коомдук ишмер Исхак Раззаковдун, Кыргыз ССРинин министрлер советинин төрагасы Султан Ибраимовдун, көз карандысыз Кыргыз Республикасынын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун сүрөттөрү түшүрүлгөн монумент коюлган. Мындай тарыхый мемориалдык комплекс өткөн жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын астанасында да ачылган.
"KG ГРУПП" компаниясынын президенти Имамидин Ташов мындай комплексти жети дубандын ар бирине коюуну максат кылганын билдирген. Флагштокту орнотуу кезеги Нарын облусунда. Облустун тургундарын бул кабар кубантпай койбос.
"Эмки комплекс Нарын облусуна курулат. Мындай аракеттерди ар бир кыргыздын жүрөгүндө патриоттук сезимди ойготуу, жаштарга үлгү болуу, улуттук атрибуттарды пропагандалоо, алар тууралуу жакшы ойлорду калыптоо үчүн көрүп жатабыз. Эң негизгиси бул аракеттерди жасоо мен үчүн атуулдук, жарандык милдетим, ишкердик парзым", - деген И.Ташов.
Мамлекетке пайда алып келүү үчүн жогору жактагы бир кызматта отуруу зарыл эмес. Жаштарды туура багытка салып, патриоттук сезимди ойготуу, мекенди сүйүү менен да пайда алып келүү мүмкүн. Желбиреп турган желекти көргөн жергиликтүү тургундарда сыймыктануу сезими пайда болуп, ишкерге ыраазычылык билдиришкен. Себеби бул комплекс өсүп келе жаткан муунга мекенибиздин тарыхында орду бар инсандарды даңазалап, аларга болгон кызыгууну арттырат.
“Өткөнүн билбеген элдин келечеги жок” дегендей, эң негизгиси келечегибиз кең болушу үчүн тарыхыбыз, маданиятыбыз жана тилибиз унутта калбашы керек. Бул багытта алгылыктуу иш кылган Имамидин Ташовдун аракеттери өлкөдөгү байлардын да намысын ойготуп, алар дагы өлкөнүн өнүгүшү, келечеги үчүн өз салымын кошууга аттанышат деген ойдобуз. Ал эми өлкөбүздүн ар бир облусунда мындай көз сүйүнткөн комплекстин курулушу ар бир атуул үчүн жагымдуу болуп, кандайдыр бир деңгээлде мекенине сүйүүнү күчөтөрү талашсыз.
кошулду

Арабыздагы копчулук бул жарык дуйного келмек эмес. Уркундон улам Кытайга барып уул-кызын бир чойчок талканга сатып кырылып жаткан кыргызды Мекенине кайтарып эркиндигин кайтарган Ленин эмес беле?!!
Эгер сен высоткадан кулап кетчудой болуп асылып туруп калсан же сууга чогуп жатсан орустан жардам кабыл албайсынбы "каапыр жардам бергиче олгонум артык" деп?!! Током айткандай Ленин бактыбызга жаралга
Бишкектеги Лениндин эстелигин Акаев жылдыртканы менен заман онолбоду, эми Лениндин Оштогу эстелигин алсанар заман онолуп кетет бекен?!!
Жапаровко илгери да суу кечпес айып таккан, далилдей алышпады, эми озу келе жаткан адамды кылмышкер кармагансып кармап келип отурат как будто бийлик Бакиевди кармап келгенсип!!