super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 31-МАРТ: Латвиялык ырчы, "Вернисаж" ырынын аткаруучусу Лайма Вайкуле 63 жашка толду

 
Бала чагында (сол жактагы)
1970-жылдан бери Вайкуле продюсер, мурдагы бас-гитарист Андрей Латковский менен жарандык никеде жашайт.
1970-жылдан бери Вайкуле продюсер, мурдагы бас-гитарист Андрей Латковский менен жарандык никеде жашайт.

Латвия жана орусиялык ырчы, актриса Лайма Вайкуле 63 жашка чыкты. Ал 1954-жылы 31-мартта Латвия ССРнин Цесис шаарында төрөлгөн. Лайма Вайкуле 12 жашынан тартып эл алдына чыгып ырдай баштаган. 8-классты аяктаганда медициналык окуу жайга тапшырган. Ал эми 15 жашында сынактан өтүп, Раймонд Паулстун башкаруусу алдындагы ригалык радио жана телевидение оркестринин солисти болгон. 1984-жылы Орусиядагы театралдык искусство институтунун режиссёрдук бөлүмүнө тапшырган. Окуп жүргөндө аны акын Илья Резник байкап, өзү жазган "Түнкү костёр" ("Ночной костёр") ырын ырдоону сунуштаган. Кийин ырчы Валерий Леонтьев менен "Вернисаж" аттуу чыгарманы аткарган соң популярдуу боло баштаган.

1989-жылы америкалык продюсер Стен Корнелиус ырчыны АКШга чакырган. Ал 7 ай Америкада иштеп, бир ыр жыйнагын жаздырган. Батыштын маалымат каражаттары аны "Орустун Мадоннасы" аташкан. Кийинчерээк Борис Моисеев менен "Прибалтикадагы роман" ("Прибалтийский роман") ырын жаздырып, клип тарткан. Бул чыгарманын клиби телеканаларда байма-бай коюлуп турган.

Чыгармачылыгы гүлдөп турган маалда ырчы көкүрөк рагына кабылган. Оору менен күрөшүп отуруп, акыры аны жеңе алган.

Жеке жашоосу

1970-жылдан бери Вайкуле продюсер, мурдагы бас-гитарист Андрей Латковский менен жарандык никеде жашайт. Ырчы катуу ооруганда жолдошу ага колдоо көрсөтүп, жанында болгон. Түгөйлөрдүн ортосунда балдары жок. Л.Вайкуле жаш аткаруучулардын сынагы "Юрмаланы" негиздегендердин бири. Анын катышуучуларына ырчы мээримин төгүп, апасындай мамиле кылат.

31-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.04.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: