super.kg logo

Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду

 

Башкы прокуратура мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, кылмыш иши "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде козголду. Тергөөнү УКМКнын тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө.

Башкы прокуратуранын маалыматында төмөнкүдөй хронология берилүүдө:

"2013-жылдын 28-мартында жарандык абалдын актыларын каттоочу бланктарды 8 миллион сомго сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Бул тендерге "Т.П." жана "У." ишканалары катышып, "Т.П." жеңүүчү деп табылган. 2013-жылдын 24-апрелинен кийин Каржы министрлиги вице-премьер-министр Т.Сарпашевге тендердин өткөнү тууралуу кат жөнөткөн.

Бирок буга карабастан 2013-жылдын 25-апрелинде Т.Сарпашев Мамкаттоо кызматына "У." ишканасынан бланктарды сатып алууга уруксат берүүгө мыйзамсыз протоколдук тапшырма берген. Анын негизинде Мамкаттоо кызматынын башчысы тендердин жеңүүчүсү менен келишим түзбөй, "Т.П." ишканасынын башкы директорун "У." ишканасынан 40 миң бланк сатып алууга мажбурлаган. Бул бланктар Жарандык абалдын акттарын каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрүнө таратылып, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жаңы төрөлгөн ымыркайларына берилген.

Мамкаттоо кызматынын жумушчу тобу бул бланктарда ката таап, аларды алмаштыруу керек экенин билдирген, анткени "төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк" дегендин ордуна "никелешүү тууралуу күбөлүк" деп жазылган. Мындан улам 11 миң 690 жаран арызданып, бул катанын айынан алар чет өлкөгө бара албай, депортацияланып жатышканын билдиришкен".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(51)
31.03.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Туура, жооп бериш керек мыйзам алдында 2 айга камака алып суралсын УКМКга
RusMos76 түзөттү 2017-03-31 11:35:20
31.03.2017. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
RusMos76,жооп бербесе керек себеби ценарий бар да ооруп калышат анан госпитал андан ары үй камагы деген бар.
31.03.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Торкендеги хан сарайларын арестке алсын
31.03.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Kimbar,Токтогулду да текшерсин!
31.03.2017. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Камакка алсын! Жакшына караш керек буга тиешелүү материалдар дагы жоголуп кетпесин!! Иса Өмүркүловко окшоп.
31.03.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Jako18,И.Омуркуловдуку жоголуп кетиптирби?
31.03.2017. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Er-jurok.,жоголбосо каралат эледа УКМК менен башкы прократура бири биринен сурап коюшат зериккенде кайта Аида Саляновадан сурайт.
31.03.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
атамбаевке боинг бойунча кылмыш ишин козгосо жакшы болот еле еки айга камака алып дегендей
31.03.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мунун былыгы ото коп.Эмнеге ушул убака чейин кылмыш козгогон эмес билбейм.Кустуруш керек.Орду турмо 10 жыл.
31.03.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Башкасынан да паспорттогу кыргыз деген белгини жок кылганы учун катуу суралсын, себеби эмнеге экенин.
31.03.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Иса менен Тайырга турмого отурушуна кумонум бар.Аша атасынын арыгын чапкандарда булар.
31.03.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Буларды камабайтго.Анткени булар гектарлаган жерлерди нары бери кылып салган да.
Азыраак жегенде камайт эле мисалы тоок уурдаса денендей.
31.03.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Туура,катуу чара коруш керек.
31.03.2017. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Өз жазасын алышсын. Текшерсин. Азыр 2 ай мода бп атат го буну да 2 айга камасын анда. Анан эле айып пул төлөдү деп. Эртең эле суудан курук болуп чыга келет.
31.03.2017. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Турцияда бир самалёт кытай 98 адам кармалганда эле ищ козгош керек эле бул бир эле факт. Чет өлкөнүн адамдары кыргыз пасспортун бизге караганда оңой алып калыштыго чиркин.....
31.03.2017. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кылмыш иш козгосонр анда Сарапашевти Текебаевти жана Жапаровту камагандай камап салгылада же эмне бул кылмыш ишинер жон эле показухабы.
31.03.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Накта жегичи ушул шыкырайып
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: