ЖЫЛНААМА, 1-АПРЕЛЬ: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери, белгилүү кикбоксчу Али Порсуков көзү тирүү болгондо 48 жашка толмок

Кикбокс сүйүүчүлөр жана профессионалдар арасында Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону (1997, 1999), Азиянын жана Евразиянын чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери, кикбоксчу Али Порсуков көзү тирүү болгондо бүгүн, 1-апрелде 48 жашка толмок.
Ал 1969-жылы 1-апрелде Дагестан Республикасынын белгилүү спортчулар чыккан Хасавюрт районунун (эркин күрөш боюнча бир нече жолку Олимпиада чемпиондору – бир тууган Сайтиев жана Батировдор да дал ушул райондун кулундары болуп саналышат) Аксай айылында туулуп өскөн. Үй-бүлөдө 2 бир тууган болуп, иниси экөө бирге чоңоюшкан. Болгондо да жөн үй-бүлөдө эмес, Социалисттик эмгектин 2 жолку Баатыры Акбар Порсуковдун үй-бүлөсүндө өскөн. Андыктан анын жашынан эле мыкты тарбия алып, спортко жакын болуп чоңойгондугу айтылып келет.
1992-жылы Кыргыз мамлекетинин эмгек сиңирген машыктыруучусу Александр Воинов спортчуну өзүнүн командасына, "Гермес-профи" спорттук клубуна чакырган. Рингде ал "Даанышман" атка конгон.
1-апрелге карата жылнаама.
