super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 2-АПРЕЛЬ: "Азия Mix'тин" капитаны Эльдияр Кененсаров туулган күнүндө жубайынан өзгөчө футболка белекке алды

 
Белекке алган футболкасы
Жубайы менен
Иниси Эрмек Кененсаров менен

"Азия Mix" КВН командасынын капитаны, "Большие люди", "КG Сlub" долбоорлорунун негиздөөчүсү Эльдияр Кененсаров бүгүн, 2-апрелде 33 жашка толду.

Ал Инстаграмдагы жеке баракчасына үй-бүлөсүнүн мультфильм каармандарына окшош сүрөттөрү түшүрүлгөн футболканы кийип түшкөн сүрөтүн киргизген.

Сүрөткө: "Туулган күнүм жубайымдын өзгөчө белегинен башталды. Футболкага менин сүйүктүү мультфильмимдин каармандарынын стилинде үй-бүлөмдүн сүрөтү түшүрүлгөн. Аябай стилдүү болуптур, рахмат!" - деп жазган.

Эльдияр Кененсаров 1984-жылы 2-апрелде Бишкек шаарында №2-төрөт үйүндө төрөлгөн. 2001-жылдан баштап, студент куракта эле КВНде ойноп баштаган. Ал эми телевизиондук КВНге 2006-жылы Казакстандын "КБТУ" командасында ойноп жүргөндө келип калган. "КБТУдан" кеткенден кийин Москвада СТС телеканалында иштеген. Кайра Кыргыз мамлекетине келип, "Большие люди" долбоорун ачкан. 2011-жылы КВНде ойногон балдарды чогултуп, Сочиге барышкан. Ал жактан Украинанын Жогорку Лигасына өтүшкөн.

2016-жылдын 23-декабрында "Азия МIX" командасы КВНдин Жогорку Лигасында чемпион аталган. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында Э.Кененсариев КВНдин Премьер-лигасында калыстар тобунун катарына кирген. Мындан сырткары жыл сайын өтүүчү "Жылдын КВНчиси" сыйлыгынын ээси болгон. Ошондой эле быйыл март айында президент тарабынан "Данакер" ордени менен сыйланган.

Жеке жашоосу

2008-жылы болочоктогу жубайы Камила Абдил менен интернет аркылуу таанышып калган. Анда Камила АКШда окуп, иштеп жүргөн. 2009-жылы сүйүшкөндөр баш кошушкан.

2-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(5)
02.04.2017. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баракелде.
02.04.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бишкекте туулган,озу Ысык-Колдон,Шахта-Жыргаландан болуш керек...
Туулган кунун кут болсун!Кыргыз элине кызмат кылып,уй-булон менен бактылуу болуп журо бер!
02.04.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат! Чын ден соолук! Уй булолук бакыт каалайбыз! Кыргызды КМШ да таанытып.казак туугандар канча жылдан бери багынта албаган ийгиликти.Кыска убакыттын ичинде багынтты!Кыргыздын маданият жана ыр кулку тармагын оркундотуп.Мыкты жашоого жылмаюуу жараткан. Жакшы доолборлорду жараатып,чон салым кошо бергиле.
02.04.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бар болунуз Кудайым ар бир адамдын омуруно береке берсин
02.04.2017. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дуйнодо болгон жакшылыкты каалайм, Чыныгы Патриот Улгулуу уй булоонун кожоюнуна!
Ушул сыймыктуу жигиттен улгу алсанар боло жанагы мародер коррупционерлерди коргобой!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: