super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Кумарым" дуэтине клип тартууда Бегимай Эсенгулова экөөбүз образга кире албай кыйналганбыз" дейт ырчы Алихан

 

Ырчылар Алихан менен Бегимай Эсенгулованын "Кумарым" дуэти бир кездеги хит болгон чыгармалардын катарын толуктайт. Ал эми аталган ырга клип тартуу иштери тууралуу Алихан буларды билдирди:

"Бул клипти тартуу түйшүгүн продюсерлер Канат Култаев менен Динара Эсенгулова моюнуна алышкан. Сюжети жок, трек клип тартылган. Эмне үчүн сюжетсиз тартылганын билбейм, себеби ал кезде жаш болчумун да. Эми азыр ырларыма клип тартуу менен алек болуп жүрөм. Идеясын, кандай сюжет болушу керектигин түшүнө баштадым. Андыктан азыр ушул суроону берсеӊиз жооп бере алам", - дейт ырчы күлүп.

Ал эми камерага иштөө, Бегимай Эсенгулова менен сүйүшкөндөрдүн образын жаратуу учурундагы кыйынчылыктар тууралуу мындай дейт:

"Албетте, камерага иштөө, бат эле көнүп кетүү оӊой болгон эмес. Бегимай экөөбүз да образга кире албай бир топ кыйналганбыз. Тартуу процесси 2 күндө бүткөн, бирок монтаж иштери бир топко созулду. Жыйынтыгы жаман болгон жок. Дуэт ошол учурдагы ийгиликтүү чыгармалардын катарын толуктаган".

Алихан менен Бегимай Эсенгулованын "Кумарым" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.04.2017. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бегимай Эсенгулова чыкпай калды го. Ушул ырчыдан интервью албайсыздарбы.
03.04.2017. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Asanovna1805,мен да айтайын дегем. Супер инфо интервью алгылачы
04.04.2017. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын эле Бегимайдан интервью алгылачы админ
04.04.2017. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidani, Kanzada97, сунушуңуздар тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат!
04.04.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Атам замандагы клиптин кантип тартылгандыгын эмнеге азыр айтып жатат,ошол убакта бироо айтпа деп коркуткан бекен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: