ЖЫЛНААМА, 4-АПРЕЛЬ: Орусиялык актёр, музыкант, алпаруучу, шоумен Дмитрий Нагиев 50 жашка толду
Дмитрий Нагиев жаш кезинде


Дмитрий Нагиев жаш кезинде




Дмитрий Нагиев

Дмитрий Нагиев уулу Кирилл менен

Дмитрий Нагиевдин атактуулугун арттырган "Кухня" сериалынан кадр

"Физрук" тасмасы
Бүгүн, 4-апрелде орусиялык белгилүү актёр, музыкант, алпаруучу, шоумен Дмитрий Нагиев 50 жашка толду. Ленинградда туулган. Бала кезинен Дмитрий спортко жакын болуп, самбо менен машыккан. 1980-жылдары жаштар арасында СССРдин чемпиону деп табылган. 1991-жылы Ленинграддагы мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтун бүтүргөн. Кийин Германиядагы Франкфурт-на-Майне шаарындагы "Время" театрында иштеп, андан соң "Радио-Модернде" алпаруучу болуп эмгектенген. Дал ошол убакта 4 жолу мыкты алпаруучу деп табылган.
Ал эми 1997-жылы Александр Невзоровдун "Тазалоочу жай" ("Чистилище") тасмасында алгачкы ролун жаратат. Андан соң теле жаатына өтүп, "Телекомпакт", "Бир күнү кечинде" ("Однажды вечером"), "Чоң жарыш" ("Большие гонки") жана башка берүүлөрүн алып барган.
4-апрелдин жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.