Чубак Жалилов: "Президенттикке талапкерлигимди коюшум толук мүмкүн" (аудио)





Бүгүн, 4-апрелде Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын VI курултайында муфтий болуп Максат Токтомушев шайланса, Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп кайрадан Абдышүкүр Нарматов шайланды. Бул тууралуу аталган кеңештин мүчөсү Чубак Жалилов кабарлады.
Ошондой эле Чубак Жалилов анын президенттикке талапкерлигин коёру тууралуу божомолдор айтылып жатканына "Кыргыз жараны катары президенттикке талапкерлигимди коюшум толук мүмкүн, бирок бул "коюп жатам" дегенди билдирбейт" деп кыска жооп берди.
"Ал эми Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп Абдышүкүр Нарматов шайланды. Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү өзгөртүлдү", - деди Ч. Жалилов.
Муфтийликке талапкерлигин коюп, кайра алып салган Ниязалы Арипов ага эч кандай кысым көрсөтүлбөгөнүн айтты:
"Менин талапкерлигимди Дин аалымдары көрсөтүшкөн. Ислам дининде ынтымак жана биримдик башкы орунда. Максат Токтомушевдин иштегени канааттандырат, андыктан ал кайрадан муфтий болду. Мага талапкерлигимди алып салуу үчүн эч кандай кысым көрсөтүлгөн эмес".
кошулду
Чубак Жалилов: "Президенттикке талапкерлигимди коюшум мүмкүн"



Абдылда аке айткандай, артист бул талант,адамга Кудайдан берилген талант,а ошондой эле Чубак ажыга деле дин боюнча берилген ыйман да,эл окуган окуу жайды бүтүп элге окшоп президент болсо болбойбу,
же дин аалымы президент болгонго болбойт деп мыйзамда жазылыптырбы.
койсун эл колдосо президент болот,балким Кыргызстанды өнүктүрүп ийеттир,
Кыргызстан өнүгөт, бир гана жеп ичкендерди тыйса эле өнүгөбүз буюрса,АША баш б
Болбойт дегендео [moderated]тан Кыргызстан эмнеге онукпойт деген Чубак ажынын видеосун коруп алгыла, балким оюнар озгорор...
Мен мисалы кандитатурасын койсо да колдобойм. Коп болсо жаназама барбайт!!
Муфтийликке койбойм дегендей эле Президенттикке да койбойм деп ачык айтыш керек болчу эркек болсо!!!