super.kg logo
  Спорт  

Муз үстүндөгү бийчи Элизабет Турсынбаеванын апасы интернетке тараган эмоционалдуу видеосун сындагандарга жооп берди

 

Муз үстүндөгү бийчи Элизабет Турсынбаеванын апасы Падышахан Султаналиева интернетке тараган эмоционалдуу видеосун сындагандарга жооп берди. Өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына 4-апрелде жазган билдирүүсүндө ал "орусташып олжого жеткиче, кыргыздашып кырманыңды толтур. Кыйкымдан кыл издебей, кылымга калар иш изде" дейт.

Буга чейин интернеттеги социалдык тармактарга Э.Турсынбаева өз программасын көрсөтүп, жыйынтыгын күтүп жаткан учурдагы видео тараган. Анда апасынын каткырып кубанып жаткандагы эмоциясын көрүүгө болот.

"Мени сындагандар менин жыртык кепичимди кийип, 10 жыл бир короо кой кайтарсын. Менин баскан жолдорумду басып, эки университетти бүтүрсүн. Жөнөкөй чабандын кызындай бүткүл дүйнөнү айланып чыксын ат салышып. Уул-кыз төрөп тарбияласын, куру мактанбай. Андан кийин кырк бештен ашса да "кыйкымдан кыл издебей, кылымдарга каларлык иш издесин". Канча каткырсам өз эрким" деп жазат спортчунун апасы.

Видео март айынын соңунда Хельсинки шаарында муз үстүндө бийлөө боюнча чоңдор арасында Дүйнө чемпиондугунда тартылган. Мелдеште 17 жаштагы казакстандык муз үстүндөгү бийчи Элизабет Турсынбаева 9-орунду ээлеген. Мындан улам Казакстанга 2018-жылы Түштүк Кореяда өтчү Олимпиада оюндарына катышууга эки лицензия берилет. Бул тууралуу казакстандык басылмалар кабарлайт.

Кошумчалай кетсек, Элизабет учурда канадалык машыктыруучу Брайан Орсердин колунда тарбияланып келет. Анын апасы Падышахан Султаналиева Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Ит-Агар айылында туулган, кийин казак жигитине турмушка чыккан.






Спортчу Элизабеттин апасынын эмоциясы интернетте талкуу жаратты

Муз үстүндөгү бийчи Элизабеттин Хельсинки-2017 мелдешиндеги бийи

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(25)
05.04.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура жооп
05.04.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чын эле озун жоготуп коюптур...
05.04.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ушунун эмнеси обу жоктук экен ,кызынын жетишкендигине сүйүнүп толкунданыптыр.Менин уул кыздарым деле ушундай деңгээлге жетсе мындан да катуу сүйүнмөкмүн.Кайрат голостон ырдаганда мен үйдү башыма кийип алдым го сүйүнүп ошондой эле нерсе да.Бул аял жүрөк сырындагы бир чыгарманы жазган Падышахан деген окшойт шо то дал келүүлөр бардай.
05.04.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nevestkaa,эже суперстанга кирбейт "Арзып тапкан махабат" аттуу автобиографиялык чыгармасын бирөө жарыяласа керектир эле. Аябай жөнөкөй, тереең ойлонгон, позитивная эже. Кызынын ийгиликтери --, апасынын мээнеттери. Мактоого арзыйт.
05.04.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sliwkom ele oljondoptur birok
05.04.2017. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмоциясын жашыра албай сүйүнүптүр, албетте кызы ушундай ийгиликтерге жетишип атса, жашыра албайт да
05.04.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Балан жонокой диплом алса канча суйуносун,ар ким оз каалагандай жашайт да.Интернеттеги ушакчыларга соз жок.
05.04.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Падишахан негизи өзү ушундай неме, соц.сеттерден жазгандары деле ооруулуу сыяктуу. Бирок азамат.
05.04.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Танцага тушсо да оз эрки.
05.04.2017. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
кудай сакта апасы бекен озу
05.04.2017. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээ маладес Падиша!Бул жакта биз кандай сүйүнүп отурабыз...Апасы сен -кызындын жанында туруп . сен "имеешь право" каалагандай сүйүнүштү.
05.04.2017. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эң туура жооп, анын каткырганын сындабай, өзүңөрдүн ишиңерди кылсаңар болбойбу?
05.04.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кызынын апасын тыйганы жакты да))))
05.04.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Муз устундо жыгылып калбай жакшы бийлеп келгенине суйунгон турбайбы апасы, Казахстандын атынан чыгып атканына кубанычы койнуна батпай отурат го энеси, илгери орустар биринчи орунду беришчу эмес эле, алардын Т.Тарасовасы кыйын тренер да, бир жылы олимпиадада ишенген Ж.Плющенкосу бийлеп атып жыгылып калды эле, бирок орустар кыйын да, баары бир биринчи орунду Ягудини алып кеткен, аялдары да кыйын, озгочо И.Слуцкаясы жагат мага.
05.04.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адам болуп жаралгандан кийин эмоция деген болот да. Азыр суйунбой отурса да сындашмак, кызы женишке жетип жатса отурат да мистейип деп.
05.04.2017. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аа, бул Падишахан эжебиз ФБда намаз окугандарга эле асылып, ачууланып кайнай берет эле. Мейли эми кызы жеңишке жетсе сүйүнөт да.
05.04.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ern,намаз окугандарга ачууланбайт, тийишпейт деле. Өз намазыбызды окуп жүрө берели, ким эмне демек. Болгону диндин ашынган фанаттарына өздөрүнө жараша жооп берет. Ал ашынган фанаттарга жакпаса анын баракчасына эмнеге кирет. Ошол дин жолундагы адамдардын оозунан ак ит кирип, кара ит чыгат. Чыныгы шарият жолундагы мусулман эркек аялдар менен ажылдашпайт.
tynara81 түзөттү 2017-04-05 13:23:31
Медиа-портал
05.04.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамасын жаман карап койду го.
05.04.2017. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анын эмнеси бар экен чектен деле чыкпаптыр кызынын ийгилигине кубанып атыптыр...коро албас ичи тардык сапаттан арыла албайбыз го ...
05.04.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элдер бироонун бактына суйунгонду унутпайлы коралбастык жакшылыкка алып келбейт.
05.04.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир эле ата-эне суйунот,диванда жатып алып озунорчо эле кыйын болбой ошондой кылып кызынарды баланарды машыктыргыла.дуйного тааныткыла анан суйлогуло ойду тоону
05.04.2017. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец ошончо ийгиликке жетишсе суйунот да.
06.04.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek., порталдын эрежелерин сактаңыз! Оозеки эскертүү!
Медиа-портал
06.04.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул айым чын дилинен кубанып жатат. Менин кызым да ушундай ийгилк жаратса, мен мындан 10 эсе жыргап жинди болуп кетмекмин.Бул кубанчтын эмоциясы, эмне болуптур. Биз негизи чын дилден суйунгонду билбейбиз эч эле. Азаматсыз Падишахан!
06.04.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу ушакчылар жон еле койбоду да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: