super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 5-АПРЕЛЬ: Ырчы Токтобүбү Черикчиева мүчөл жашын мал союп, жакындары менен белгилейт

 

Бүгүн, 5-апрелде ырчы Токтобүбү Черикчиева 48 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышсак, ыраазычылыгын айтып, туулган күнүн кантип белгилей тургандыгы тууралуу айтып берди.

"Мүчөл жашым болгондуктан, өздүк майрамымды мал союп, жакындарым менен бирге белгилейин деп жатам. Маанайым аябай жакшы, саат 00:00дөн баштап жакындарым, досторум, күйөрмандарым куттуктап жатышат. Мен үчүн жакындарымдын маңдайымда аман болушу - чоң белек", - дейт ал.

Белгилей кетсек, ырчы 1969-жылы 5-апрелде Нарын облусунун Ак-Талаа районунда төрөлгөн. 4-классынан баштап комуз ийримине барган. 8-классты бүтүп, Самара Токтакунованын колуна түшүп, филармониянын алдындагы 2 жылдык студияга кыйынчылыксыз өтүп кеткен. Окуусу менен катар Эстебес Турсуналиевдин "Эл шайырлары" тобунда иштеп, алар менен гастролдорго чыгып калган. Ошондон тартып Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Мыктыбек Үмөталиев, Толтой Мураталиев өңдүү залкар адамдар менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк алган. 15 жашынан бери иштеп келген филармониядан 2010-жылы кеткен.

Токтобүбү Черикчиева "Жалгыздыктан жадап бүттүм", "Колукту", "Сүйгөн жар", "Сүйүүңдү сүртүп кеттиң", "Жолугарым билгенмин" жана башка ырларды жеткиликтүү аткарып, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.

5-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.04.2017. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туулган кунунуз кут болсун! Бар болунуз эжеке. Ишинизге ийгилик!
05.04.2017. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өмүрүңүз узун болсун. Балпайган таене чоң эне бп жүрө бериңиз
05.04.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдошу жокпу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: