super.kg logo

КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Кыргыздагы супер баатыр жөнүндө алгачкы фильм "Чүкө баатыр" SUPER.KG порталында

 

Бүгүн, 7-апрелде "Кинозал" бөлүмү "Чүкө баатыр" тасмасы менен толукталды. Тасмада режиссёр болуу менен бирге башкы каармандын образын жараткан Зияш Турдубеков тартуу процесси, фильмдин идеясы тууралуу буларга токтолду:

"Чүкө баатыр" тасмасы каражат табуу максатында эмес, бөбөктөр үчүн тартылган. Азыр элдин баары батыш кинолорун көрүп, андагы баатырларды "супер баатыр" деп атап алышкан. Кыргыз элинде деле баатырларыбыз көп болгон. Ошондуктан Кыргыз баатыры тууралуу тасма тартууну туура көрдүк. Кыргыздагы супер баатыр жөнүндө алгачкы фильм болгондуктан көрүүчүлөр жакшы кабыл алышты, жылуу пикирлерин айтып жатышты", - дейт З. Турдубеков.

Кинокомедия жанрында тартылган тасмада бекем достук, көздөгөн максатка умтулуу тууралуу жана кыялдарды орундатууга дайыма мүмкүнчүлүк бар экендиги баяндалат.

"Чүкө баатыр" тасмасын бул жерден көрүӊүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: