super.kg logo

Айгерим Расул кызы "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагында жеңүүчү алдын ала тандалганын, калыстардын баасы эсептелбегенин айтты

 
Калыстар тобу
Калыстар тобу
Сынактын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы

5-апрелде Бишкекте "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагы өтүп, анда Бегимай Карыбекова жеңүүчү аталган.
Ал эми сынактын финалында калыстар тобунун катарында болгон ырчы Айгерим Расул кызы "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагы төмөн деңгээлде өткөнүн, жеңүүчү алдын ала тандалганын, калыстардын баасы эсептелбегенин SUPER.KG'ге билдирди.
"Бул тууралуу уюштуруучунун өзүнө айтайын дегем. Бирок ал телефонун өчүрүп, байланыштан качып жаткандыктан баарын айтууга туура келди. Кыргыз өлкөсүнүн атын чет өлкөдө тааныта турган кыздарды тандоонун, сынактын, уюштуруунун деңгээли аябай төмөн болгону адамдын ачуусун келтирет экен. Алсак, кыздар чыкчу подиум кичинекей, жарыгы жок кыздардын беттери жакшы көрүнбөй жатты. Кыргыз бийи деп баарын чыгарып койду же алар көрүнсөчү. Анан да талантын көрсөтүүдө кээ бирлери жерге жата калып кадимки стриптиз бийлеп киришти. Эл аралык сынактарга катыша тургандарды да ушинтип тандайбы? Биздин баа бергенибиз эсепке алынган жок. Жөн эле жазып жаттык.

Ал эми жеңүүчү болгон кызга келсек, ал жадакалса "Сүймөнкул Чокморов ким болгон?" деген суроого жооп бере алган жок. "Согушта жүргөн" деп залдагы элди күлдүрдү. Анын жеңүүчү болгонуна каршылыгым жок, бирок андан да мыкты, суроолордун баарына жооп берген сулуулар бар болчу. Аны алдын ала дайындашкан деп ойлойм. Себеби калыстар чечим кабыл алуу үчүн чогулганда уюштуруучу Таттыбүбү Самидин кызы башынан жеңүүчүлөрдү тандап койгону белгилүү болду.

Республикалык деңгээлдеги "Кыргызстан сулуусу" деген сынакты ушундай жаш, эч кандай тажрыйбасы жок кыздын тандоосуна ким уруксат берди деген суроо жаралат. Бизде Маданият министрлиги бар да. Башка өлкөлөрдө мындай чоң сынактарды бир гана Маданият министрлиги чечет. Андыктан мындай сынакты биздеги кадыр-барктуу, тажрыйбалуу маданияттын өкүлдөрү катышуучуларды ар тараптуу сыноодон өткөрүп, Кыргыз өлкөсүнүн атын татыктуу көрсөтө алган адамды тандашы зарыл болчу деп ойлойм. Бул сынак коммерциялык максатта өткөрүлдү окшойт. Анан дагы 17 кызга 15 миң сомдук билет саттырганда деле 255 миң сом болот, демек, жакшы бизнес экен. Бирок ушунча акча чогултат экен, жок дегенде подиумга жарык коюп койсо болмок эле.

Кыскача айтканда, сынактын кемчиликтери аябай көп болду. Дипломдорду тапшыруу учурунда байкасам, эч бирөөнүн кол койгону же мөөр басылганы жок. Таттыбүбүнүн аты жазылып турат, бирок колу жок. Кыскасы жөн эле бир кагаз. Мыйзамсыз сынак десе дагы болот. Мен атайын Ош шаарынан сынак мамлекеттик деңгээлде өтөт деп келген элем. Бирок сынак мектеп деңгээлинде болду. Соңунда уялганымдан акырына чейин тура албай чыгып кеттим", - дейт ырчы.

Белгилей кетсек, сынактын башка катышуучусу Алтынай Абдымомунова финалга бир күн калганда Таттыбүбү Самидин кызы катышпайсың деп айтып, финал күнү сынак өтүп жаткан жайга киргизбей койгонун билдирген.

Бул окуя боюнча экинчи тарап болгон уюштуруучуларга байланышуу аракетин кылдык. Мүмкүнчүлүк жаралса, экинчи тараптын оюн да угуп жарыялоого даярбыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(111)
07.04.2017. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
А жетимдер устукан талашкан кудалардан болдунарго
07.04.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
panda_brat,жайлапсыз
07.04.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азыр баары акчан болсо карашат.Тиги женуучу да байдын кызы окшойт та.Акчан болсо танкасын акчан жокто манкасын дегендей эле.Акча суйлоп жатканда чындык унчукпай турат дегендей.Бул жерде да Ошол акчанын ролу чон.
07.04.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Бул жербе эн бир туура нерсени которуп чыгыптыр,мен Айгеримдинда башкасынында фанаттары эмесмин,чындыгында мен бул жерде Айгеримдин ал кызды коро албастан чыгарганын корбодум,бизде ушундай чын нерсени айтып чыксан эчкимге жакбайсын,сразу эле коро албайт деп чыгат,бир тараптуу карай бербестен баардык жагынан карап корсок болбойбу?Айгерим чын эле калыстыгын айтып чыгыптыр,мисалга:кимди коро албайт ал?озу катышбаса,чындыгында мен ошо Айгеримдин ордунда болгонумда менда ушул калыстыгымды кылмакмын.
07.04.2017. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Айгерим туура айтат, сулуулар конкурсу жогорку деңгээлде өтүшү керек болчу, эч даярдык жок, талапка жооп бербейт.
07.04.2017. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Эми буга президентибизди куноолуу деп жазгандар болбосо экен. Ичи ооруса деле ажообузду куноологон адат тапты.
07.04.2017. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Makain, Президент мындай майда чуйдолорго конул бурбааай аларды бир гана алдым жуттум бийлик кызыктырат
канчалаган азаматтар Кыргызстанды таанытып атат андайларга колдоо корсотпогогон ушуну карамак беле
07.04.2017. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
"Эшегине жараша тушагы"... Мындай дуйнолук денгээлдеги сынакка барчу, Кыргыз элибиздин жузун корсотчу "Мисс"ти тандоодо ар тараптуу добуш беруу керек деп ойлойм. И эн башкысы Калыстар тобуна Атту баштуу, адамдарды койсо.. министерстводон, надо будет Министрдин озун, элге жакшы таанылган кадыр барктуу аламдар болсо болмок.. негизи Мамлекеттин жузун корсотчу сулууну, мамлекеттик денгээлде тандашса ьолмок...
07.04.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эжекеси ото мактаныптырго, денгээли томон болсо томон дейт .акылы болбосо сулуулугу бир тыйын .шпатлевка болгон жасалма сулууга окшоп.чындыкты айтып койгону учун ичинер куйуп туз жалагыла.ар кимге жооп жазбай .элдин оозу элек, электен кор элеп.
07.04.2017. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
maksatbekova, сахнада, Эл алдында турганда ар бир адамда толкундоо болот. 3 суроонун 1но жооп бере албай калса, калган конкурсанттардын кимиси бир суроого тын жооп берди? Мен айтып жатам, салыштырмалуу калган выступлениеси жакшы болду да, чынбы? Даже суроо жооп болуму учун эле мисс болуш керек болгондо да эч ким мыкты боло алган жок...
07.04.2017. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ai_altyn,Атанбаевден айырман жок немесин го
07.04.2017. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
tatynam_88,)))Мени Атамбаевге тенесен, рахмат. Ар бирибиз жок дегенде Атамбаевдин тырмагындай иш кылсак, Кыргызстан небак болок денгээлде болмок. Бульвар жерде Атамбаевдин кандай тиешеси бар? Кыргыздар минтип отурсак эч онукпойбуз.Утулган тараптын туугандары,достору биз конкурска биринчи жолу катышкан жокпуз,утулуп да, утулуунун ызасын тарткан кундо да бироону сындап, сын айтпай озубуздун кемчилигибиздин устундо иштеп келебиз. Был да бир сабак. Идеалдуу эч ким жок!
07.04.2017. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
МИССти башка кыз уюштурчу элего Намазбекова деген, ал кызга эмне болду? опыты жок, кечээки Таттыбубу уюштуруптур. уже ясно болду да баарына, ким кандай жол мн утканы!!! мин талкуулаган мн пайда жок
07.04.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мектепти коридордо окуган кыз экен да Бегимай уят эле,ушундай улуу инсанды билбеген.Кийин балдары сураса "согушта болгон" дейби))))
07.04.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
meni_kut,журналист болгон деп алды. Мен дагы уруштум, айтат коз алдыма Касым Тыныстановду элестетип алдым деп. Айгерим Эл алдында жургон кыз катары акты ак, караны кара дечу кыз болчу.
07.04.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
суймонкул согушка барган десе тобоо" кудай сакта" кыз ХХХ турбайбы ушулардын заманы башталган окшойт
Модератор admin_portal түзөттү 2017-04-07 12:01:12
07.04.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыргыздын сулуусу кыргыз кыздарынын жузу, сулуу гана болбостон интелекти да бийик болуш керек, Айгеримди коро албайт дегенинер кызык го анын сулуулугу да папулярдуулугу да акчасы билими да озуно жетиштуу. Салам Кыргызстан беруусун мен да коргом суроолорго жооп бере албайт деп ойлогом бирок жооп берген. Сынак кандай денгээлде откону маалым болду Маданият министриндегилер каякты карап атышат!
07.04.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Айгерим стриптиз бийле озунун ырында бийлеген,бул жерде кыргыз бийи деп стриптиз бийлеп атышат дептир го,конкурсту башкадан кылса жакшы болмок,жанагы катышпай калган кызды да кайра чакырып
07.04.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Молодец Айгерим. Туура айтып чыгыптыр."Кыргызстан сулуусу" деген сынак болуп жаткандан кийин жогорку деңгээлде өтүш керек эле жана калыстар тобуна да тажрыйбалуу адамдар келиш керек эле.Бул жакта эч кандай Айгеримдин көрө албастыгы көрүнгөн жок, ал айтып жатат уюштуруу жагы начар абалда болгонун. Анын айтымына карасак чындыгында мектепте өтө турчу конкурска окшоп калыптыр. Айгерим калыстар тобунун мүчөсү катары калыс сөзүн айтыптыр болгону.
07.04.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айтты го биз жөн эле келгендей болуп калдык деп, алардын берген баалары эсепке алынбаптыр жада калса. Сулуунун Сүймөнкул Чокморов ким болгон деген суроого жооп берээрде көз алдына Касым Тыныстанов келген күндө да Касым Тыныстанов согушта болгон эмес. Демек Сүймөнкул Чокморовду да Касым Тыныстановду да билбейт экен да. Анан бул жакта кайдагы Айгеримдин көрө албастыгы көрүнүп турат????
Aselya_9105 түзөттү 2017-04-07 13:19:56
07.04.2017. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айгерим молодец туура чындыкты айтыптыр биздикилер дайыма эптемей откорот
07.04.2017. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуу кызды тандадыңарбы же акылдуу кыздыбы? Суроолорго жооп бергендер өтпөй калды дегени кандай.
07.04.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Mers124, Алло жерде 6 Ар турдуу тармак боюнча чыгышты. Суроого жооп бере албай калды деп кынтык издегенде деле, болок конкурстар боюнча алдынкы баа алса деле утат да, чынбы? Бегимайдан болок деле бир дагы конкурсант суроолоруна жооп бере алышкан жок. Мен калп айтсам,[moderated] дан деле коруп, баанарды бергиле.
07.04.2017. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айгеримге кошулам 100 пайыз
07.04.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ушул жерде акыйкат издеп отургандар сотко кайрылып, иш козгосонор эн жакшы болот.Мынча нааразы болсонор, сот аркылуу акыйкат издейли...
07.04.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ai_altyn, сот аркылуу акыйкат издесен адашасын
07.04.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Айгерим инстаграм баракчанды мен сага кайрылып жазгандан кийин эки мунот отпой, закрытый профиль кылып, анысы аз келгенсип логининди озгортуп жибердин, анча акыйкатчы болсон мындай иш кылба. Эл алдына чык. Ошол жактан да элдин оюн угуп -окуйлу.
07.04.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бип жылдары, "Бишкек мырзасы" беле ушундай конкурс откон. Уюштуруучулар Эльмара Турсуналиева,раматылык Бакыт Букуев болчу. Ошондо казыр эл оозуна алынган Эрмек Нурбаев, Мирлан (фамилиясын унутуп жатам актер, Курманжан Датка киносунда тартылган). Анда еще элне тааныла элек кездери. Эрмек калыстардын баасы боюнча алдынкы орунда бараткан. Анан эле Жыйынтынында Эрнест деген Жалал Абаддык бала Мистер болуп калды. Ошондо Эльмара эженин оз оозунан уккам "Спонсор так заxотел" деген
07.04.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Олуп эле кылгыла, мага Айперим жакчу эмес бирок оюм 180градуска озгорду молодца, чындык чычалатат чындыкты айтыптыр, акты ак караны кара дептир, конкурс мектеп денгээлинде откон акчалуулардын заманы азыр.
07.04.2017. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгерим молодец.Сыйлап калдым.Акты ак,караны кара дедин.Эжеси безеленбей синдисине адабият китепти берсин.
07.04.2017. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таттыбубу Айбек Бакытбековдун бир клибине тартылган беле
07.04.2017. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындык чычалатат деген ушул да,Бегимай сулуу кыз экен бирок озунун кучу менен эмес сатып алыптыр, Айгерим атасынын артынан чыкты депсинер, силер деле атанардын артына менен местаны сатып алган турбайсынарбы, просто айырмасы силердин атанар атактуу эмес, Татту дегени бар эле болсун.
07.04.2017. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи калыстык болбоптур айтканы жакшы эмкиси эстеринде болот...
08.04.2017. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечирип койшула бул жерде Айгерим жонундо соз болгонго менда Айгерим жонундо 1-2соз жаза кетсем,бул жерде Айгеримдин бир эле куноосу бул коп эле кыска кийгени болбосо калган жагы 5 деп айталам,Айгерим токтоо суроолорго ойлонуу менен жооп берген кыйын кыз,ар дайым озун сырдуу алып жургон кыздардын бири деп эсептейм,Айгерим сенда бизди туура тушунуу менен карап чындыгында узунураак эле озуно жарашыктуу койноктордон кийсен сага соонун жарашат,
08.04.2017. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде сулуунун эжеси синдисин ото эле аша чаап мактап коюптур,чынында эми бул кыз кандай жол менен алды наамды бизге карангы,Айгеримге асыласынар озунордун синдинер Айгеримден ашып кетипьирго слишком ашып кеткен,Айгерим оркундой бер осо бер чынында элин сен менен,
08.04.2017. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец умница Айгерим, уважаю тебя, !!!!!!!
чындыкты айтыпсын, видеосун кайдан корсок болот?
08.04.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгеримдин созун толук колдойм!!!Таттыбубу сулуунун согунгон создору вообще уят!!Ушулбу биздин сулуу?Ананда Бегимай чындыгында сулуу кыз экен бирок озуну актап жазганы тек эле жакпады.Инстада жазган коменттерине соз жок!!!Ананда дипломун коруп жинин келет!!!Кичине калыстыкта болуш ккта!!Ошончо "сулуу,таланттуулар"калып ,"коррупция"мн жениш фууу!!!Кыргыздын атын чыгара тургандарды ушинтип тандагандан коро,койгула уят!Аябай 2кундон бери каным кайнайт
08.04.2017. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айгерим коралбастык кылып койуптур
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: