super.kg logo

"Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы: "Айгерим Расул кызынын ар бир сөзүнө теӊелип, жооп бергим келбейт"

 
Таттыбүбү Самидин кызы
Таттыбүбү Самидин кызы “Кыргыз жергесинин сулуусу-2015” сынагынын жеңүүчүсү деп табылган
Таттыбүбү Самидин кызы “Кыргыз жергесинин сулуусу-2015” сынагынын жеңүүчүсү деп табылган
Финалга бир күн калганда сынактан четтетилген Алтынай Абдымомунова
Алтынай Абдымомунова
Алтынай Абдымомунова
"Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын жеӊүүчүсү Бегимай Карыбекова
Бегимай Карыбекова
Бегимай Карыбекова
Бегимай Карыбекова
Бегимай Карыбекова

"Кыргызстан сулуусу-2017" сынагына байланыштуу жаӊылык учурда коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Сынактын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы бүгүн, 7-апрелде сынак жана анын айланасындагы чуулар тууралуу суроолорубузга жооп узатты.

Финалга бир күн калганда сынактан четтетилген Алтынай Абдымомунова жөнүндө:

"Алтынай алгач эле баш байгени сатып алуу сунуштары менен мени тажатып баштады. 2 айлык даярдык учурунда ал 4 жолу репетицияга катышты. Мен ага башында сынакка олуттуу мамиле жасабаса, катышпай каларын эскерткем, дал ошондой болду. Билеттерди сатуу боюнча эч кимди мажбурлаган жокпуз. Ким канча сата алса, ошончо сатылды. Алтынай жөнүндө мага "ал жеӊил ойлуу кыз" деп көп маалыматтар келе баштады. Акыркы күндөгү чоӊ даярдыкка да келген жок. Анан финал күнү сынак башталганда келип, ресторандын эшигин тепкилей баштады. Ал эми дагы бир интернет колдонуучу "3 баланын атасы болгон жолдошум менен жүрөт. Анын үй-бүлөсү бар экенин билсе дагы" деген каттарды жөнөттү..."


"Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын жеӊүүчүсү Бегимай Карыбекова тууралуу:

"Бегимай англис тилин жакшы билет, мода дүйнөсү, подиум тууралуу түшүнүгү, тажрыйбасы бар. Сахнада, эл алдында өзүн кандай алып жүрүүнү билет, бардык талаптар боюнча сулуу деп атоого татыктуу кыз. Анын жеӊүүчү болушуна Айгеримден башка бардык калыстар добуш берип, колдошту. Себеби алар сулуулук сынагынын дүйнөлүк стандартын, сулуулук эмне экенин билишет. Андыктан баары так, таза өттү деп айта алам.

Ал эми 5 миӊ сомдук банкнотто ким түшүрүлгөнүн билбей калганын, мен анын кичинекейинен Германияда жашаганы менен түшүндүрөт элем".

Айгерим Расул кызынын айткандарына жооп:

"Анын ар бир сөзүнө теӊелип, жооп бергим келбейт. Бирок кээ бир учурлар жөнүндө айта кетпесем болбойт.

Биринчиден, анын келип бергенине, келген конокторду күттүргөнүнө ыраазычылык билдирем. Ал "жаш кызга мындай деӊгээлдеги сынактарды өткөрүүгө ким уруксат берди?" деп жазыптыр. Менимче, ал өзү мындай деӊгээлдеги сынакта калыстар тобунда болгон эмес. Мен уюштуруучу катары демөөрчү болгондорго ыраазычылык катын тапшыргам. Ага демөөрчү болбогондуктан, ыраазычылык каты берилбегенин туура эмес түшүнсө керек, залдагы элдин көзүнчө бурулуп алып чыгып кетти. Биз андан кетпей туруусун сурандык, бирок ал артына кайрылган да жок. Бул анын экинчи жолу ушинтип эл алдында орунсуз жорук кылганы. Буга чейин анын МАИ кызматкерине орой мамиле кылганын баары билсе керек.

Экинчиден, стриптиз бийледи деп жатпайбы, эгерде гимнастикалык жана спорттук бийди стриптиз деп ойлосо, анда анын өз эрки.

Эгерде калыстарды сатып алган болсом, Бегимай үчүн алдын ала атайын дайындалган суроолор берилмек да. Өзүмдүн тааныштарымды калыс кылсам, анда эмнеге Айгерим Расул кызын чакырмак элем? Мен аны ырчы катары сыйлап, өлкө сулуусун тандоого катышуусун каалап чакыргам. Таза тандоо болуусу үчүн ал эле эмес, башка да шоу-бизнес өкүлдөрү чакырылган".

Белгилей кетсек, сынак кандай өткөнү тууралуу өз пикирлерин буга чейин SUPER.KG`ге ырчы Айгерим Расул кызы, журналист Кудрет Тайчабаров билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(74)
07.04.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Айгерим нормально суйлоду окшойт болгонун болгондой айтып, бирок кимисине ишеништида билбейсин , бул Таттыбубу кальян чегип алтындарым менен на ооз ачуу деген кызго))
Aiza9797 түзөттү 2017-04-07 18:09:15
07.04.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Иши кылып бири-бирине атаандашкан ,тажрыйбасы жок,мен кыйынмын деген,ата-энелеринин акчаларын чачкан кыздар зээригип "кашасын"чыгарып эптеп конкурс откозушконун тушундум.Бар эле болгула да "гуйдургулор".
07.04.2017. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
көрө албастык жана көрөалбастык бул жерде,
Чубак ажы айткандай акмакчылык жана акмакчылык дегендей...
07.04.2017. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Олгону калыптырго баарыле ач жыналач!..
Биринен бири отуп.
07.04.2017. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ииииий бетим
07.04.2017. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бегимай дегени чын эле 19 жаштабы мен 23 24 жашта деп ойлодум эле
07.04.2017. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушулар эле калдыле чырылдашпаган
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: