super.kg logo

Орусиялык модель Ирина Шейк тун наристелүү, ырчылар Натали, Анна Седокова үчүнчү ирет эне болушту

 
Брэдли Купер менен Ирина Шейк
Ырчы Натали уулдары менен
Анна Седокова

8-9-апрель эс алуу күндөрү орусиялык бир топ жылдыздардын үйүндө наристе үнү жаӊырды. Алсак, 31 жаштагы модель Ирина Шейк менен 42 жаштагы голливуд актёру Брэдли Купер алгачкы жолу ата-эне статусуна ээ болушту. Бул маалыматты түгөйлөрдүн жакындары тастыктаганын "Us Weekly" басылмасы кечээ, 9-апрелде жазып чыкты. Түгөйлөр кыздуу же уулдуу болгону тууралуу маалымат так айтылбайт. Учурда наристенин да, эненин да ден соолугу жакшы.

Ошондой эле "Оо, Кудай, кандай гана мырза!" ырынын аткаруучусу, 43 жаштагы ырчы Натали үчүнчү уулун жарык дүйнөгө алып келген. Ал эми 2 кыздын энеси Анна Седокова Лос-Анжелес шаарындагы элиталык делген "Cedars-Sinai Medical Centerе" клиникада көз жарган. Ал жерде учурунда Кристина Агилера, Ким Кардашьян, Бритни Спирс жана башка жылдыздар төрөшкөн. Маалыматтарга караганда ырчынын уулунун атасы - ишкер Артём Комаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.04.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оо, Кудай, кандай гана мырза! ))))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: