super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 10-АПРЕЛЬ: "Туулган күнүмдө бийчи кыздар сюрприз жасашты" дейт ырчы Самара Каримова

 
Жолдошу жана балдары менен

Белгилүү ырчы Самара Каримова бүгүн, 10-апрелде 26 жашка толду. Аны куттуктап байланышка чыксак, SUPER.KG порталына, куттуктап жаткан жалпы күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.

"Учурдан пайдаланып мени куттуктап жаткан бардык жакындарыма, досторума, күйөрмандарыма ыраазычылыгымды билдиргим келет. Кечээтен бери жагымдуу белектер, куттуктоолор болуп жаткандыктан кубанычым коюнума батпай турат, маанайым жакшы. Кечээ түндө Жалал-Абаддагы концерттен кайтып келе жатканбыз. Саат 00:00 болгондо бийчи кыздар, айдоочу, Умай эне маршруттук таксини токтотуп коюп, сюрприз жасап куттукташты. Өздүк майрамымды бүгүн кечинде туугандарым менен бирге белгилейин деп турам", - деди ал.

Белгилей кетсек, Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Лейлек районунун Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин актёрлук бө­лү­мүндө 2 жыл окуп, турмушка чыкканына байланыштуу Ош шаарына которулган. "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча Самара Каримова "2014-жылдын супер дебюту" наамынын ээси болгон. Ал 2014-жылы Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык сынактын баш байгесин утуп алган. Таттыбүбү Турсунбаева, Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты.

Жеке жашоосу

2011-жылы музыкант, Ош драма театрынын жетекчиси Асан Мансуровго турмушка чыгып, үч балалуу болушкан. Улуусу Барсбек 2012-жылы, кызы Даткайым 2013-жылы, кичүү улуу Алихан 2015-жылы төрөлгөн.

10-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
10.04.2017. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туулган кунунуз менен! Ким айтмакчы мазза кезинде тийиптир эле да ана кишиге
10.04.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozgeldi,маззаны тушунбодум
10.04.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
туулган кунун куттуу болсун,сага ден соолук,узун омур,чыгармачылыгын оркундой берсин,атан жетишпеген чыгармаларды сен жана укон экоон улантып кетишинди каалайбыз,ийигилик сага, Самара.
10.04.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы бактылуу болгула. Балдарды удаа төрөгөн экенсиң да Аманды жеңип.
10.04.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйоонун аты аман бекен асан го
10.04.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
аяш атасына тийип алып уйалбай анан сюрприз деп коет
10.04.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган күнүң менен куттуктайм!
10.04.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
26да элеби,30дан ашкандайго
11.04.2017. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдошу эмес,атасы менен тургандай го.
Туулган кунун менен!
11.04.2017. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аппей жапжаш турбайбы)))
11.04.2017. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдин кимдин заманы самаранын заманы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: