ЖЫЛНААМА, 12-АПРЕЛЬ: Белгилүү орусиялык пародист, актёр Юрий Гальцев 56 жашка толду







Жубайы Ирина Ракшина менен

Үй-бүлөсү менен
Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, эстрада жана клоунада артисти, актёр, телеалпаруучу Юрий Гальцев 56 жашка толду. Ал 1961-жылы 12-апрелде Орусиянын Курган шаарында туулган. Ошол күнү тунгуч космонавт космоско учкандыгына байланыштуу ага Юрий Гагариндин урматына бул ысым ыйгарылган.
Юрий Гальцев 1978-1983-жылдары Кургандагы техникалык институтта автомобиль куруу адистиги боюнча окуган. Бирок жан дүйнөсү чыгармачылыкка жакын болгондуктан, 1988-жылы Ленинграддагы театр, музыка жана кинематография институтун аяктаган.
Пародист көптөгөн театрларда эмгектенип, түрдүү образдарды жараткан. Ал эми "Аншлаг", "Юрмалина" телеберүүлөрүнө катышуусу ага атак-даңк алып келген. Аны актёр катары бир катар белгилүү тасмалардан көрүүгө болот.
Жеке жашоосу
Артист 19 жашында үйлөнүп, уулу төрөлгөн соң ажырашкан. 1986-жылы актриса Ирина Ракшинага баш кошкон. Экөөнүн ортосунда 1992-жылы төрөлгөн Мария аттуу кызы бар.
12-апрелге карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.