super.kg logo

Актёр Марат Алышпаев Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын мурдагы жетекчисин коррупция боюнча айыптады

 

Белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Марат Алышпаев Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында коррупция иштери жүрүп жаткандыгы, ага бир топ далилдер бар экенин бүгүн, 12-апрелде SUPER.KG`ге билдирди.

Анын айтымында, аталган театрдын мурунку директору Темирлан Сманбеков иштеп турган учурда театрга делген бир топ акча каражаттарынын эсеби чыккан эмес.

Марат Алышпаев"Темирлан Сманбеков директор болгону менен, үмүттү актаган жок. Буга бир катар далилдерди айтсак болот. Темир Сариев премьер-министр болуп турганда театрга 6 миллион сом берген. Ал акчага Сманбеков 3 машина (бир чоң автобус, микро автобус жана бир жеңил унаа) алат. Ал сатып алуу иштерин тендер өткөрбөй эле ишке ашырган. Бул иш билинип калып, бир катар гезиттер жазып чыгышкан. Жыйынтыгында текшерүү болуп, берилген акчанын эсеби толук чыкпай калганы билинген. Бул иш азыр да ачык бойдон турат. Журналисттер жазып чыкса да каралган жок. Эмне үчүн каралган жок? 1 миллион 300 миң сом кимдин чөнтөгүнө кетти?

Биздин артисттер "Саманчынын жолу" спектакли менен Алматыга Эл аралык фестивалга барып, баш байгени жеӊип, 100 миң сом алат. Директор ошол жерден 20 миңин балдарга таратып берет. Бирок калган 80 миң сомдун дайыны ушул убакка чейин жок. Эмне кылганын эч ким билбейт.

Былтыр июнь айында "Түрксойдун" Кыргыз жериндеги өкүлү Кожокелди Култегин "Коркут атаны" жазууга буйрук берет. Жазылып даяр болгондон кийин Култегин театрга келип, жалпы жамаатка жыйналыш жасап, Сманбековго 5 миң доллар берип: "Бул акча менен иштей бергиле, спектакль чыккандан кийин "Түрксойдун" жетекчиси Касенов менен келем. Спектаклди көрүп, анан 5 миң доллар берем" дейт. Кийин бул спектаклди "Түрксойдун" жетекчиси келип көрдү. Жактырдыбы, жактырган жокпу билбейм, бирок айтылган 10 миң долларды толук беришти. Эми ошол 10 миң доллардын 5 миң доллары каякта? Бул боюнча да эч ким билбейт же аны да жымырып алышты беле?" - дейт Марат Алышпаев.

Театрдын мурунку директору Темирлан СманбековБул маселе боюнча актёр Башкы прокурор Индира Жолдубаева, Ички иштер министри Улан Исраилов, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Замир Осмонов, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараевге кайрылуу жолдоп, улуттук театрдагы жогоруда айтылган коррупциялык иштерди иликтөөгө алып, бул маселе боюнча жыйынтык чыгарууну суранган. Анын айтымында, тазалык - театрдан башталышы керек, чара көрбөсө, мындай өзүм билемдиктер кийин да кайталана бериши мүмкүн.

Белгилей кетсек, 10-апрелде актёр жана режиссёр Назым Мендебаиров Кыргыз улуттук драма театрынын директору болуп дайындалган. Ал эми мурунку директор Темирлан Сманбеков жумуштан бошотулушу жөнүндө "өзүмдүн жеке оюм боюнча, жетекчилик кызматтан кетүүмө театрдын мурунку жетекчиси Марат Алышпаев себеп болду" деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
12.04.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маданияттуу адамдарда ушундай болсо!
12.04.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздын жузу болгон ошол кишилер ушинтип жатышса калганы кайда бармак эле уят уят бул кишилерди абдан сыйлачуу элем!
12.04.2017. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бири-биринер сыйлабасанар, эл киминерди сыйламак эле?
12.04.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой аттаа... экоо тен, мен сыйлаган актерлор эле
12.04.2017. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жэбеген жердин тубундо жатат.Тируу жае жейт экенда айласын таап
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: