super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-АПРЕЛЬ: 78 жыл мурун айтылуу "Айчүрөк" операсынын бет ачары болгон

 

Мындан 78 жыл мурун, 1939-жылы 12-апрелде кыргыз опера музыкасынын сыймыгы саналган "Айчүрөк" операсынын бет ачары өткөн. "Айчүрөк" операсы - кыргыздын тунгуч улуттук операсы. Төрт бөлүмдөн, алты сүрөттөн турган баатырдык-патриоттук, эпикалык-лирикалык опера. Либреттосун "Манас" үчилтигинин "Семетей" бөлүмүндөгү "Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү" аттуу эпизоддун негизинде Жоомарт Бөкөнбаев, Кубанычбек Маликов, Жусуп Турусбеков; музыкасын Владимир Власов, Абдылас Малдыбаев, Владимир Фере жазган. Алгач опера Кыргыз мамлекеттик музыкалык театрында коюлуп, дирижёру Василий Целиковский, сүрөтчүсү Яков Штоффер, балетмейстри Николай Холфин, режиссёру Владимир Васильев менен Аманкул Куттубаев болушкан.

Операнын сюжети бири-бирине карама-каршы турган эки күчтүн күрөшүнө негизделген. Бир жагында эл мүдөөсүн көздөгөн Семетей, Айчүрөк, Бакай, Күлчоро, Акункан жана башка каармандар, экинчи тарапта Чынкожо, Толтой баштаган ички душмандар, буларга тилектеш Чачыкей, Канчоро, Кыяс турушат.
Башкы ролдордо Сайра Кийизбаева, (Айчүрөк) Анвар Куттубаева (Калыйман) жана башкалар ойношкон.
12-апрелге карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: