super.kg logo

"Ты супер!" долбоорунун катышуучусу Урмат Мырсаканов улуттук кураманын футболчулары менен жолугушту (фото)

 
Урмат Мырсаканов
Футбол федерациясынын башкы катчысы Медербек Сыдыков

Бүгүн, 13-апрелде Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Ты супер!" долбоорунун катышуучусу 12 жаштагы Урмат Мырсаканов улуттук кураманын футболчулары менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Футбол федерациясынын башкы катчысы Медербек Сыдыков жаш талантка топ жана улуттук кураманын формасын тапшырып, келечекте дагы көп ийгиликтерди жарата беришин каалады.

Ал эми Урмат Мырсаканов футболчуларга ыраазычылыгын билдирип, долбоор, андан алган тажрыйба, сезимдери тууралуу буларга токтолду:

"Алгач сынакка катышып, сахнага чыгып жатканда толкундоолор болду. Бирок өзүмдү колго алып, баарын жеӊе алдым. Жакшы номер көрсөттүм деп ойлойм, эмне үчүн калыстарга жакпай калганын билбейм. Долбоорго катышып белгилүү ырчылар менен баарлашкан, алардын кеӊеш бергени, кыскасы, баары жакты. Катышуучулар менен ар кандай мамиледе болдук десем болот. Кээ бири менен урушуп, кээ бирлери менен достоштук.

Ошондой эле улуттук курамага берген белектери, колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирем!" - деп сөзүн жыйынтыктады Урмат Мырсаканов.

Белгилей кетсек, мекендешибиз НТВ телеканалынын "Ты супер!" долбоорунун экинчи турунда Макс Барских аттуу ырчынын "Туманы" чыгармасын аткарган. Бирок кийинки баскычка өтө алган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: