МЕДИА-ПОРТАЛ: Жаш ырчы Айдана Дека "Бийле, бийле" ырынын клибине айтылган сындар боюнча жооп узатты




Жаш ырчы Айдана Деканын "Бийле, бийле" ырынын клибине интернет колдонуучулар тарабынан түрдүү сын-пикирлер айтылып, талкууга алынган. Бүгүн, 13-апрелде ырчы клип кандай кыйынчылык, мээнет менен тартылганын айтып, ага карата айтылган сындар боюнча жооп узатты:
"Клипке 3 ай бою даярдандым. Формаларын, бийди даярдоого көп убакыт кетти. Бул чыгармага бүт көӊүлүмдү коюп, мээнет, болгон убактымды кетирип даярдандым десем болот. Тартуу күндөрү 2 күндө бүттү. Бирок ошол убакытта көп кыйынчылык болду. Съёмканын экинчи күнүн Ысык-Көлдө март айында тарттык. Өзүӊөр билгендей, бул жылы аябай суук болбодубу, андыктан суукка карабай көлдүн жээгинде тартуу иштерин уланттык. Жылаӊайлак бийлеп, соӊунда үшүгөндөн баса албай калдым. Анан машинага келип, жылындым. Ооруп калабыз го деп корккон элек, Кудайга шүгүр, баары жакшы болду.
Ооба, бул клипке карата жагымсыз сын-пикирлер көп айтылды. Айрыкча неон боёгун колдонгонумду орусиялык ырчы Нюшаны туураган деп жатышты. Бирок мен бул сөздөргө кошулбайм. Ал боёкту клибинде буга чейин бир топ дүйнөлүк жылдыздар колдонушкан. Андыктан бул сындар негизсиз. Жакындарым, апам, чыгармачыл досторум чалып, "сынга көӊүл бурба, сен жөнүндө айтып жатабы, демек, өсүү бар" деп кеп-кеӊештерин айтып колдоп жатышты. Сындын болгону жакшы, себеби кийинки чыгармаӊда анын баары эске алынат", - деп сөзүн жыйынтыктады Айдана Дека.
Айдана Деканын "Бийле, бийле" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.



Мечиттин ичинде тартылганбы байкашымча эгер мечиттин ичинде тартылган болсо буга тез арада муфтият чара корушу керек .ким уруксат берди,кайсы имам? мечиттин ичине клип тартканга,ошондой эле жарым жыланач бийлегенге аялзатын аврааты ачык мечитке кируусуно.тез арада чара корулушу зарыл .Аллахтын уйу болгон жерде жыланач бийлеген бул шумдуктуу ырчыларга маданият министрлиги дагы баа беришсин.
Aneela-Money money деген ырдын музыкасы экен .
Ошончо аракет кылган сон мечиттен алыс эле болсонор болбойбу мээнетинди текке кетирбей