ЖЫЛНААМА, 14-АПРЕЛЬ: 77 жыл мурун Кыргыз Республикасынын Эл артисти, обончу-аткаруучу Калыйбек Тагаев төрөлгөн

Бексултан Жакиевдин "Миң кыял" драмасында түрмө башчысынын, Токтоболот Абдумомуновдун “Кара көлөкө” драмасында тентек баланын ролун, Жоомарт Бөкөнбаевдин "Алтын кыз", Жусуп Турусбековдун “Ажал ордуна” драмаларында түрдүү образдарды жараткан.
"Элмира", "Назгүлүм", "Долон", "Ат-Башым", "Жаштык вальсы", "Жаныбарым, Гүлсарым" чыгармаларына обон жаратып, аларды Канымгүл Досмамбетова, Гүлсүн Мамашева, Гүлмайрам Момушева, Зейнеп Шакеева аткарышкан. Мындан сырткары анын "Өмүрдү бирге сүргүм бар", "Классташтар вальсы", "Махабат арманы", "Асылым", "Көрөмбү сени кайра?", "Сүйгөнүм көлдүн ак куусу", "Таалайым сенде" деген ырлары бар.
120дан ашык обондордун автору Калыйбек Тагаев обончулардын республикалык кароо-сынагынын 7 жолку жеңүүчүсү болгон. Анын 60ка жакын обондору Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган. Калыйбек Тагаев 1992-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, 1997-жылы КРнын Эл артисти деген ардактуу наамдарга ээ болгон.
14-апрелге карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.