super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 15-АПРЕЛЬ: Орус эстрадасынын примадоннасы Алла Пугачёва 68 жашка толду

 

Легендарлуу ырчы Алла Пугачёва 68 жашка толду. Ал 1949-жылы 15-апрелде Москва шаарында төрөлгөн. Бала кезинен эле музыкага шыктуу болуп, өзгөчө ырга жакын болгон. Мектепте окуп жүргөндө бир топ кечелерде ырдаган, бүтүрүүчү катары 1965-жылы бүткүл союздук радионун "Кутман таң" берүүсүнөн "Робот" деген ырды ырдап чыккан. Бул Алла Пугачёванын музыка дүйнөсүнө чындап кирип, эл арасына жаңырган биринчи чыгуусу болгон.

Мындан соң анын музыкага болгон сезими ойгонуп, Ипполитова-Иванова атындагы Москва мамлекеттик окуу жайын дирижёр-хордук факультетинен билим алган. Көптөгөн концерттерде ырдап жүргөн. 1980-жылдары "Рецител" тобу түзүлүп, анын солисти катары бир кыйла ырлары менен эл арасында анын карааны алыстан көрүнө баштаган. Бул топ түзүлгөнгө чейин эле анын "Москвичи", "Новый электрон" деген ырлары калың катмарга сиңип, бул ырсыз кечелердин көркү болбой калган.
Ал эми алгачкы ийгиликтери жөнүндө айта турган болсок, 1975-жылы өткөн "Золотой Орфей" фестивалына Алла Пугачёва "Все могут короли" ыры менен катышып, гран-прини жеңип алган. Буга катар 1978-жылы "Сопот-78" деген аталыштагы сынак өткөрүлүп, мында да гран-принин ээси болгон.
Ошондон улам Алла Пугачёва хит ырларды аткарып, атагы алыска тарап, ар кандай сынак, фестивалдарды жеңип, көптөгөн сыйлык, наамдарды багындырып, 1991-жылы СССРдин Эл артисти наамына арзыган.
Жеке жашоосу
Алла Пугачёва 5 ирет турмушка чыккан. Миколас Орбакас (1969-1973), Александр Стефанович (1977-1980), Евгений Болдин (1985-1993), Филипп Киркоров (1994-2005), Максим Галкин (2011-жылдан бери). Биринчи никесинен белгилүү ырчы Кристина Орбакайте төрөлгөн. Максим Галкин жана Алла Пугачёва карын эненин жардамы менен Гарри жана Елизавета аттуу уул, кыздуу болушкан.
15-апрелге карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.04.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карыптыр байкуш
15.04.2017. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо менин бала кезимдеги Арлекино, То ли ещё будет, Все могут короли, Айсбергди ырдаган кумирим эле. Олло АЛЛАнын фанаты элем))))
Туулган куну куттуу болсун!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: