"Супер сулуу-2016" сынагында "Ажарлуу сулуу" наамын жеӊген Айзада Абанбекова турмушка чыкты

"Супер-Инфо" гезити уюштурган "Супер сулуу-2016" сынагында "Ажарлуу сулуу" наамын жеӊген Айзада Абанбекова бүгүн, 15-апрелде турмушка чыкты. Бул тууралуу түгөйлөрдүн жакшылыгына күбө болгон режиссёр Сүйүн Откеев Инстаграм баракчасына жазып чыкты.
Бүгүн Айзада Абанбекованы сүйүктүүсү кыргыздын салты менен алып кетсе, үлпөт той күзүндө өтөрү белгилүү болду.
"Супер сулуу-2016" сынагына катышкандан кийин артымдан чуркаган жигиттер аябай көбөйүп кетти. Ошондо ал дароо "чабуулга" өттү десем болот. Менин тегерегимдеги бардык жигиттерди алыстатып салды. "Чын эле жакшы көрөт экен” деп ушундай мырзаны колдон чыгаргым келген жок”, - деген Айзада Абанбекова болочоктогу жолдошу тууралуу.
Белгилей кетсек, 2016-жылдын 9-декабрында Кожомкул атындагы Спорт ордосунда SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына арналган концертте "Супер сулуу-2016" сынагында Бактыгүл Орозбаева жеңүүчү аталып, "Супер таажы" менен катар Бали аралына жолдомону утуп алган.



Башка жигиттерди кантип алыстатты экен, акча таратыппы же "братишка, мени тушунуп кой, жаш отуп баратат, АНЫ мага эле берип койчу" деппи, айтор бывшийлерин алыстатканы тушунуксуз...
Эми эмнеси болсо да уйлонуптур, коп жигиттин курчоосундагы кызды сууруп чыгып. Бактылуу болушсун...
Бирок мен ал кызга уйлонбойт болчумун. Бул менин субьективдуу пикирим.
Бироонун кызын каралап,озун кандай аялга туш болот экенсин Кудай билет.Мышык майга жетпей,уфф сассык дептирден болбой колунан келсе жон гана бакыт каалап кой жаштарга.
Кудай сактасын бактылуу болуп коп жашашсын
Кудурет Тайчабаров мырза куш бооңуз бек
33жашка чейин бойдок жургонуно шегим барда.
Буларга окшогондор убалданделе коркушпайт.