super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жалпак-Таштагы жер көчкү 3 турак үйдү толугу менен басты

 

Жалпак-Таштагы жер көчкү 3 турак үйдү толугу менен басты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-апрелде билдирди.

"Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Кысык-Алма айылындагы Чырмаш участкасында 15-апрелде жаңы пайда болгон жер көчкү жүргөн. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча аталган жер көчкү 3 турак үйдү толугу менен басып, 1 турак үйгө жакындап калган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Министрликтин Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы Н.Кулмаматов 16-апрель күнү саат 07:30да аталган участкага жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп кеткени маалым болду.

Жер көчкү колоттун ичи аркылуу акырындык менен турак үйлөргө карай жылып келип, Мыктыбек Чырмашовдун сарайын, үйүн баскан, Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 10-чакырымында 50 метр аралыгын басып жол каттамы убактылуу токтогон. Жолду тазалоо иштери жүргүзүү мүмкүн эмес, себеби суюк көчкү акырындык менен жылып жатат.

Жер көчкү коркунучундагы үй-бүлөлөр коопсуз жерге көчүп чыгышты.
1. Мыктыбек Чырмашов (6 адам);
2. Амангелди Мамашарипов (5 адам);
3. Айтикан Мамашарипова (1 адам);
4. Азамат Чырмашов (8 адам).

Бул турак үй ээлери мамлекет тарабынан ссуда жана жер тилкелерин алган эмес.

Эскерте кетсек, окурман Жалпак-Таш айылында жер көчкү 5 үйдү басып калганын кабарлаган.






Жалпак-Таштагы жер көчкү

Жалпак-Таштагы жер көчкү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
16.04.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо Кудай калааты эле заман болтат ээ?! Тынччылык эле болсо экен эми
16.04.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай кооптуу жайда жашап эмне кереги бар? Окмот кочкуло десе кээ бири кетишпейт экен. Анан кырсык болсо ыйлашат, Окмотко жалдырап. Ссуда беришсе аны той топур, башка нерсеге жумшап, кайрадан бизге жер бербейт, уй бербейт дешет экен
17.04.2017. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
s.k.bakyt,жашоо-шарты кетууго мумкунчулук берсе, алар деле жакшы жерге барып жашаса керектир эле...
Медиа-портал
16.04.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын
17.04.2017. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тынчылык болсун Кыргыз Элимде Кудай сактасын кырсыктан,быйыл Кандай заман болуп жатат коркосун...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: