super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 17-АПРЕЛЬ: "Spice Girls" тобунун мурунку ырчысы, англиялык актриса, фотомодель Виктория Бекхэм 43 жашка толду

 
Кичинекей кезинде
Жолдошу Дэвид Бекхэм менен
Үй-бүлөсү

Англиялык ырчы, бийчи, модель, актриса, дизайнер, футболчу Дэвид Бекхэмдин жубайы Виктория Бекхэм 43 жашка чыкты. Ал 1974-жылы 17-апрелде Англиянын Хартфордшир графтыгында туулган. Толук аты-жөнү Виктория Керолайн Адамс Бекхэм. Виктория Бекхэм Англиядагы театралдык мектепти бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон эмес.

Ага атактуулукту алып келген "Калемпир кыздар" ("Spice Girls") тобуна 17 жашында кастинг аркылуу келип калган. Бул айымдагы татынакай келбет, тунук үн калыстар тобуна жагып, 1994-жылы топко алынат. 1996-жылы топтун алгачкы "Каалайсыңбы?" ("Wannabe") деп аталган сингли Улуу Британия, АКШ жана башка 29 мамлекеттердин музыкалык чарттарынын алдынкы орундарын ээлеген. Кыска кара көйнөк жана шиш така кийип көзгө урунган Виктория Бекхэм эл арасында Укмуштуу Вики (Posh Viki) деген атка ээ болгон. Топ 1990-жылдарда популярдуулуктун туу чокусун багындырып, учурунда 55 миллион ырлар жыйнагын сатканга үлгүрүшкөн.
"Түбөлүк" ("Forever") деп аталган үчүнчү ыр жыйнагы мурункуларга салыштырмалуу ийгиликсиз болуп, кыздар чыгармачылыктан алыстай түшүшөт. 2007-жылы ырчы кыздар кайра биригип, гастролго аттанышат. "Калемпир кыздар" деген аттын күчү мененби, айтор, турдан ар бири 20 миллион доллар иштеп калганын айтып келишет. Бирок көп өтпөй легендага айланган топ ишмердүүлүгүн токтоткон. Виктория болсо артка кайтпай, дүйнөлүк шоу чөйрөгө жалгыз киришкен. Учурда Виктория Бекхэм дизайнерлик жана жеке ишкерлик менен алектенет.
Жеке жашоосу
Виктория Бекхэм 1999-жылы атактуу футболчу Дэвид Бекхэмге турмушка чыгып, Бруклин аттуу уулдуу болушкан. Ошол эле жылдын 4-июлунда укмуштуу той өткөрүп, ага 800 миң доллар чыгым кеткен дешет. Сүйүшкөндөрдүн 2002-жылы Ромео, 2005-жылы Круз деген уулдары жарык дүйнөгө келсе, 2011-жылы Харпер аттуу кыздуу болушкан.

17-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: